Министрлик: "Айыл Банкка" мамлекеттик лизингге акча бөлүнө элек

Айыл банктын эн белгиси.

Айыл чарба министрлиги жана "Айыл Банк" 20-декабрда өкмөт үйүнүн астына нааразычылык акциясына чыккан дыйкандардын талабы тууралуу түшүндүрмө берди.

Министрлик тараткан маалыматка караганда, дыйкандар айтып жаткан 14% үстөк менен берилген насыя банктын өзүнүн коммерциялык насыясы. Ал эми “Мамлизинг 6” долбооруна Финансы министрлиги каржы бөлө элек.

Айыл чарба министрлиги ушул жылдын 6-октябрында дыйкан-фермерлер лизингге алчу техниканын наркынын 10% ашыгын төлөсө, "Айыл Банк" 4,5 %дан тарта лизингге каражат берчү долбоорду бекиткен. Ушул убакытка чейин айыл-чарба техникасын алууга 147 арыз түшкөн.

Аталган банк "Мамлизинг 6" долбоору менен насыя алууга арыз тапшырган адамдар өтө көп болгондуктан, арыздарды кабыл алуу токтотулганын билдирди.

Айыл чарбасын механизациялаштыруу инновациялык технологиялар жана кооперация боюнча департаменттин директору Нурланбек Кожокуловдун айтымында, насыяга берилчү каражаттын 300 млн. сому жапон өкмөтүнүн грантынан кайтарылган акча жана аны алуу процедурасы жүрүп жатат.

Бүгүн, 20-декабрда жыйырмага чукул дыйкан-фермерлер өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыкты. Кыргызстандын аймактарынан чогулган дыйкандар лизингге айыл-чарба техникаларын ала албай жатканын айтып даттанды.

Алардын сөзүнө караганда, өкмөт быйыл октябрь айында "Айыл Банк" аркылуу 4,5% насыя берилет деп убада кылган. Дыйкандардын алды лизингге техника алуу үчүн баштапкы төлөмдү төлөшкөн. "Айыл Банк" акча жок экенин, насыяны 14% берүүгө даяр экенин билдирген. Дыйкандар 14% өтө эле жогору деп нааразы болууда.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге мамлекеттик банктардын дыйкандарга жеңилдетилген насыя бергенин текшерүү тапшырмасын берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Айыл Банктын" ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерип, айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюп, ири өлчөмдөгү насыяларды мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактыларын аныкталганын жарыялаган.

Фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча "Айыл Банктын" жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясы "Айыл Банкы" болуп 2006-жылы түзүлгөн. Банк калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө арзан үстөк пайыз менен насыя берет. "Айыл Банктын" башкармалыгынын башчысы Уланбек Букабаев буга чейин "Азаттыкка" мекеменин портфелинде 16 млрд. сом бар экенин айткан.

"Айыл чарбаны каржылоо" (ФСХ) долбоорунун негизинде 2021-жылы мамлекет тарабынан тогузунчу жыл атайын каражат каралып, мамлекеттик бюджеттен 6 млрд. сом бөлүнгөн. (МТа)

Дагы караңыз

Талас: шайлоочу талапкерге каршы арыз жазды Жарылуу болгон тез татым жайынын ээсине сот өкүмү чыктыТоолуу Бадахшанда өлтүрүлгөн Зиёбековдун сөөгү кайра экспертизадан өткөрүлдүСайма сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды