Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:54

Жарылуу болгон тез татым жайынын ээсине сот өкүмү чыкты


"Антошка" тез татым жайы өрттөн кийин. 8-ноябрь, 2019-жыл.
"Антошка" тез татым жайы өрттөн кийин. 8-ноябрь, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту "Антошка" тез татым жайынын ээси А.Э.Карыпбековду Жазык Кодексинин 261-беренеси менен күнөөлүү деп таап, коомдук тамактануу тармагында иштөө укугунан эки жылга ажыратты. Бирок пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыраткан жазадан бошоткон. Райондук соттун өкүмү 5-ноябрда чыккан. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Сот Карыпбековду жабыркаган эки адамга 50 миң сомдон моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирген.

2019-жылы 8-ноябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги "Антошка" тез татым жайында газ баллон жарылып, бир адам мерт болгон. Сегиз адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Арасында өспүрүмдөр дагы бар.

Бул окуядан кийин Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын жана тез татым жайларынын өрт коопсуздугу боюнча текшерүү жүргөн.

Быйыл январдын башында Ысык-Көлдүн Каракол шаарында тез тамактануучу жайда газ болон жаралып, бир кишинин өмүрүн алган. Ал эми 4-январда Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы тамактануучу жайда жарылган газ баллондон 11 адам жараат алып, ооруканага түшкөн. (МТа)

XS
SM
MD
LG