“Эркин Европа/Азаттык” радиосу белорус кызматынын кабарчысы Андрей Кузнечиктин саламаттыгына жана коопсуздугуна байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.
Радионун президенти Жейми Флайдын билдирүүсүндө "Андрей Кузнечик жазасын өтөп бүттү, бирок, биздин билишибизче, белорус бийлиги аны барымтага алынган кишидей кармап турат. Андрей тез арада үй-бүлөсүнө кайтышы керек. Журналистика кылмыш эмес” деп айтылды.
Журналистти Беларустун атайын кызматы быйыл 27-ноябрда кармап кеткен жана ага эки жолу он күндүк жаза чегерилген.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары бул өлкөнүн авторитардык лидери Александр Лукашенконун башкаруусун сындап, оппозициянын акцияларын чагылдырып келатышат.
Быйыл 3-декабрда белорус соту радионун Telegram жана YouTube каналдарын экстремисттик деп тааныган.
14-декабрда оппозициянын лидерлери соттун өкүмү менен узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. (RK)
Дагы караңыз
19-декабрдын аба ырайыАКШ Иран боюнча сүйлөшүү создукканына тынчсызданып жатканы маалымдалдыЕвропада “омикронго” байланыштуу чектөөлөр жарыяландыЖапаров мигранттардын укугун коргоону убада кылды