Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:07

Европада “омикронго” байланыштуу чектөөлөр жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустун “омикрон” штаммынын өтө тез жайылуусуна байланыштуу Европа өлкөлөрү бир катар чектөөлөрдү киргизип, Кошмо Штаттар ооруканага жаткандар көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуусун билдирди.

17-декабрда Германиянын жана Франциянын расмий өкүлдөрү вирустун “дельта” түрүнөн саламаттык сактоо системасына ансыз да күч келип турган чакта “омикрондун” айынан пандемиянын бешинчи толкуну башталышы ыктымал экенин маалымдашты.

Британиялык окумуштуулар “омикронду” кайрадан жуктуруп алуу ыктымалдыгы “дельтага” караганда беш эсе жогору экенин эскертип жатышат.

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандардын жалпы саны 274 миллиондон ашты, алардын беш миллиондон ашууну каза болду.

Кыргызстанда бул оору менен 184 миң адам катталды, алардын 2700дөн ашыгы көз жумду.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG