Эксперттик топ Оштогу мектеп-интернаттагы шартты кыйноо менен салыштырды

В.В. Терешкова атындагы №11 мектеп интернатынын имараты

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү менен биргеликте Оштогу Валентина Терешкова атындагы №11 жатак мектепте текшерүү жүргүзүштү.

Эсперттик топтун биргелешкен маалыматында интернаттагы шарт кыйноого тете экени айтылат.

"Жуунуучу бөлмөлөр иштебейт, даараткана сыртта жайгашкан, жатакана жана окуу бөлмөлөрү тар, суук", - деп жазылган 16-декабрдагы маалыматта.

Текшерүү учурунда бир баланын бир күндүк төрт маал тамактануусу үчүн 60 сом гана бөлүнөрү, тамак-аштын калориясы аз болуп, белгиленген нормаларга жооп бербей турганы, ар бир окуучуга 50 граммдын ордуна 15 граммдан ашпаган эт берилери белгилүү болгон.

Эксперттик топ мектептин имаратын, жуунуучу бөлмөнү тез арада оңдоп-түзөө, ар бир окуучунун тамак-ашына бөлүнгөн акчаны 120 сомго көбөйтүү тууралуу сунуштарды бийликке жиберишкен.

Интернатта жетим балдар, социалдык жактан аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн жана мигранттардын балдары билим алышат. Азыр 458 окуучу бар, алардын 350сү жатып окуйт. (JsA)

Дагы караңыз

"Кызыл сызыктан өтпөдү". Муратовдун сөзү талкууда   Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен кимдер депутат болду? Матраимов менен байланышы бар 40 бажычы боюнча иликтөө аяктадыГермания Орусиянын эки дипломатын өлкөдөн чыгардыКазакстандын Эгемендик күнү акциялар менен коштолду