Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:28

Казакстандын Эгемендик күнү акциялар менен коштолду


Oyan, Qazaqstan жаштар кыймылынын Алматыдагы арт-перформансы, 16-декабрь 2021-жыл.
Oyan, Qazaqstan жаштар кыймылынын Алматыдагы арт-перформансы, 16-декабрь 2021-жыл.

Казакстандын Эгемендик күнү 35 жыл мурунку Желтоксон жана 10 жыл мурунку Жаңы-Өзөн окуяларынын курмандыктарын эскерүүгө арналган митинг жана акциялар менен коштолду.

16-декабрда түштөн кийин Алматыда активист Жанболат Мамай баштаган, каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын ондогон өкүлдөрү Желтоксон окуяларынын курмандыктарына арналган эстеликтин алдына келишип, куран окушту. Активисттер “Эл коррупциядан арылсын!” деп бата беришти.

Каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын Алматыдагы митинги, 16-декабрь 2021-жыл.
Каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын Алматыдагы митинги, 16-декабрь 2021-жыл.

Андан соң алар акимчиликтин алдындагы аянтка барышты. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысынын эсебинде акцияга жүзгө чукул адам катышты. Алар Жаңы-Өзөн окуясы үчүн Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди күнөөлөшүп, жай тургундарга ок чыгаргандар жазаланууга тийиш экенин билдиришти. Жүрүштүн катышуучулары аянттагы Эгемендик монументине барып, сөз сүйлөштү.

Алматыдагы Республика аянтында саат 11ден бери мобилдик интернет өчүк. Бул жерде көптөгөн полиция кызматкерлери жүрөт.

Мындан тышкары Алматыда Oyan, Qazaqstan жаштар кыймылынын ондогон өкүлдөрү Желтоксон жана Жаңы-Өзөн окуяларынын курмандыктарынын элесине арнап, арт-перформанс өткөрүштү. Алар арка тарабында бутанын сүрөтү бар ак күрмөлөрдү кийип алышкан. Арт-перформанстын катышуучулары тулкуларына кызыл боёк төгүштү. Муну менен алар Казакстандын жаңы тарыхындагы кайгылуу окуялардын курмандыктарын чагылдырышты.

1986-жылы 17-18-декабрь күндөрү казак жаштары ал кезде советтик жумурияттын жетекчилигине Кремл тарабынан Геннадий Колбиндин дайындалышына нааразы болуп чыгышкан. СССРдеги эң ири акциялардын бири катары тарыхка кирген митингдер күч менен басылган. Желтоксон окуясында канча адам өлгөнү так белгисиз. Айрым тарыхчылар 186 адам каза таап, бир канча киши оор жараат алганын белгилешет.

2011-жылы 16-декабрда Жаңы-Өзөн шаарындагы мунайчылардын бир нече айлык иш таштоосу кан төгүү менен коштолгон. Тынч митингдин катышуучуларына каршы ок атышканда расмий маалымат боюнча 17 киши курман болгон. Жергиликтүү тургундар курман болгондор андан көп дешет.

XS
SM
MD
LG