Германиянын соту мурдагы чечен командири Зелимхан Хангошвилинин (Торнике Кавтарашвили) Берлинде атып өлтүрүлүшү боюнча Орусиянын тыңчысы делген Вадим Красиковду (Вадим Соколов) өмүр бою абакка кести.
Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы Зелимхан Хангошвилини 2019-жылдын 23-августунда немис баш калаасында атып кетишкен.
Кылмышка шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерээк ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон.
Прокурорлордун жүйөөсү боюнча, Красиков велосипед менен Хангошвилинин жанына жакындап, добушу басаңдатылган тапанча менен атып кеткен. Немис канцлери менен депутаттар отурган имараттан анча алыс эмес жерде болгон бул окуя Москва менен Берлиндин мамилесинин чыңалышына жол ачкан.
Bellingcat иликтөөчүлөр тобу Хангошвилинин өлүмүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштуруп, ишке ашырган деген тыянакка келген. Орус президенти Владимир Путин Хангошвилини «мыкаачы, канкор» деп сыпаттап, ал издөөдө болгонун, бирок Москва аны өлтүрүүгө катышпаганын айткан.
Дагы караңыз
Милиция Кара-Сууда каракталган акчанын дайыны чыкпай жатканын билдирди Европарламенттин Сахаров сыйлыгы Навальныйдын кызына тапшырылдыБШКнын өзгөргөн жобосу, Жанар Акаевге берилбеген мандат Зеленский Брюсселде Макрон жана Шольц менен сүйлөшөтБШК партиялык тизме боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды