Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:44

Европарламенттин Сахаров сыйлыгы Навальныйдын кызына тапшырылды


Европарламентте Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи. Страсбург. 15-декабрь , 2021-жыл.
Европарламентте Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи. Страсбург. 15-декабрь , 2021-жыл.

Франциянын Страсбург шаарында Европарламенттин Андрей Сахаров атындагы "Ой жүгүртүү эркиндиги" үчүн сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Быйылкы сыйлык абакта жаткан орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын атынан анын кызы Дарья Навальнаяга тапшырылды.

20 жаштагы Навальная бул сыйлыкты атасынын ишмердигин жана эмгегин баалоо аракети катары мүнөздөп, анын үзөңгүлөштөрү азыр ишти улантып жатканын айтты.

20-октябрда Европарламенттин депутаттары Андрей Сахаров атындагы быйылкы сыйлыкты Навальныйга ыйгарууну чечкен. Аны бул сыйлыкка көрсөткөн Европалык элдик партиясы саясатчы өмүрүн жана эркиндигин тобокелге салып, орус президенти Владимир Путиндин режими менен узак убакыттан бери күрөшүп келе жатканын билдирген.

Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный былтыр август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал быйыл январда Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Ушул тапта Навальный Владимир облусундагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

Сентябрь айында Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Оппозициячыл саясатчы жана анын тарапташтары айыптарды Кремлдин куугунтугу катары мүнөздөп келишет.

XS
SM
MD
LG