БШК 32 округдагы шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

БШК.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун 32 бир мандаттуу округу боюнча жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 32 округдун жеңүүчү талапкерлери аныкталып, Талас, Чүй-Кемин жана Ысык-Ата округдары боюнча чечим чыккан жок.

№ 21 Талас округунда көп добуш алган талапкер Бактыбек Чойбековдун үстүнөн добуш сатып алуу боюнча тогуз арыз түшкөн. БШК материалдарды иликтөө үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүп, учурда жооп күтүп жатат.

№31 Чүй-Кемин округунда көп добуш алган Медетбек Саккараевдин кош жарандыгы бардыгы тууралуу маалымат текшерилип жатат.

№30 Ысык-Ата округунан көп добуш алган Акбөкөн Таштанбековду атайын кызмат улуттар аралык кастыкты козутууга айыптап камакка алган.

Боршайком эгер жогорудагы фактылар аныкталып, сот чечими чыкса, аталган округдарда кайра шайлоо жарыяланарын билдирди.

Баарына каршы добуш бергендер көп Биринчи май округундагы шайлоо өткөн жок деп табылды, ушундай эле жыйынтык болгон Свердлов округу боюнча чечим чыга элек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарышы керек. Жаңы парламент 22-декабрда ишке киришери айтылууда. (МТа)

Дагы караңыз

COVID-19: Omicron тездик менен жайыла баштады Бир суткада 12 өрт катталып, эки адам каза болдуКараколдо 5-кабаттан секирген өспүрүм кыз аман калды Аскар Акаев тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке келди