Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Аскар Акаев тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке келди


Аскар Акаев. 2-август, 2021-жыл.
Аскар Акаев. 2-август, 2021-жыл.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу анын жакындары "Азаттыкка" ырасташты.

Аскар Акаев "Кумтөр иши" боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келген. Ал өлкөдө беш-алты күн болору белгилүү болду.

Улуттук коопсуздук комитети бул тууралуу маалымат бере элек.

Акаев быйыл 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга учуп келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. Ал өзү тергөө менен кызматташуунун алкагында кепилдик менен келгенин жарыялаган.

Атайын кызмат кенге байланыштуу бардык келишимдерден коррупциялык фактылар аныкталганын жана мурдагы аткаминерлерге иш козголгонун кабарлаган.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” президенттерди "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылы март окуясында өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери Орусияда башкалкалап келет. (МТа)

XS
SM
MD
LG