Соңку жылдары жүздөгөн кыргызстандык Мексика аркылуу АКШга кирүүнүн амалын издеп жүрөт. “Америка кыялына” жетеленген мекендештердин айрымдары максатына жеткени менен дээрлик көпчүлүгү миңдеген доллардан кол жууп, кайра Бишкекке кетүүгө мажбур болгон. Бүгүн Азиянын борборунан алыскы Америкага жетүүнүн "тар жол, тайгак кечүүсү" тууралуу баяндайбыз.
"Орус жарандыгы бар кыз издейм"
"Бишкек – Стамбул – Амстердам - Канкун" рейси алыскы Мексикага эс алганы бараткан туристтин кадимки жол багыты. Бишкектен Мексикага сапар тарткан алатоолуктар тууралуу сөз кылардан мурун, "Азатыкка" сүйлөп берген бардык каармандардын аты-жөнү өзгөртүлгөнүн эскерте кетели. Алар коопсуздугунан улам ушундай шарт менен гана өз баштарынан өткөргөндү айтып берүүгө макул болушту.
34 жаштагы Адилет быйыл жыл башында Орусиядан "кара тизмеге" түшүп калып, Кыргызстанга депортацияланган. Ал беш жыл Сахалинде оор жүк ташыган унаа айдап, тапкан акчасын "Америка кыялына" жетүүгө коротоюн деп чечкен. Адилет соцтармактардан кыргызстандыктардын АКШда трак айдап иштегенин көргөндөн кийин мухиттин ары жагына жетүүнүн жолун издей баштайт.
"Кыргызстанга кайтканыма бир жыл болоюн деп калды. Буюрса жаңы жылдан кийин дароо Мексиканы көздөй чыгайын деп жатам. Өмүрүмдө чет өлкөлүк виза жасатып көргөн эмесмин. Азыр бир жолду ойлонуштуруп жатам. Мага Орусиянын жарандыгын алган кыз керек болуп турат. Аны менен жасалма нике кыйып, Мексиканын же Шенген визасын алып Канкунга жетип алсакпы дейм. Анткени "бал айына баратабыз" десе көп текшербейт деп уктум. Айтор мен издеген кыз орус болобу, кыргыз болобу айырмасы жок. Иши кылып Орусиянын жараны болсун", - дейт Адилет.
Ал эми Орусиянын Новосибирск облусунда иштеген кыргызстандык Шамбет алты жыл мурун орус жарандыгын алган. Ушул тапта төрт жашар уулу жана аялы менен Мексикага сапар тартууга даярданууда. Ал жаңы жылды утурлай туристтик агенттиктен атайын тур сатып алганын, бирок көздөгөнү АКШга кирүү экенин жашырган жок.
"Келинчегим, уулум баарыбыз Орусиянын жараныбыз. Акыркы бир жылдан бери Мексика аркылуу Америкага кирген кыргыздар, орустар менен байланышып турам. Биз да отура бербей ошол тарапка кетсекпи дегенбиз. Кесибим стоматолог. Жаңы жылда каникулду шылтоолоп, туристтик агенттиктен Канкунга тур алдык. Үчөөбүзгө баш-аягы 500 миң рубль бердик. Ал эми Канкундан ары АКШга өтүш үчүн дагы 5-6 миң доллар керек дешти билгендер. Андыктан учурда жумушумду башка бирөөгө өткөрүп берип, даярданып жатабыз. Жол өтө оор, бала менен кыйын болсо да АКШга өтүп алсак жашоо оңолот деген ойдобуз".
Белгилей кетсек, Мексикага эс алууга бараткан Орусиянын жарандары алдын ала электрондук уруксат документи менен үч ай визасыз жүрө алышат. Орусияда миграцияда жүрүп, орус жарандыгын алган кыргызстандыктар болсо жүз миңдеп саналат. Федералдык миграция кызматы 1992-2014-жылдары 516 миң кыргызстандык орус жарандыгын алганын билдирген. Андан кийинки жалпы сандар ачык айтыла элек. Былтыр 9,5 миңге жакын кыргызстандык орус жарандыгын алганы айтылган.
"Америка кыялына" жетпей алдангандар
Кыргызстандык Зарина Түркиянын Стамбул шаарына бир ай мурун келген. Ал Мексикага кетүүнүн амалын издеп интернеттен "виза жасап берем" деген түрк жигит менен таанышкан. Бул кызматы үчүн ал Заринадан 4000 евро сураган. Акчанын жарымын жөнөткөндөн кийин Стамбулду көздөй бет алган. Бирок Зарина Түркияга келгенде алданып калганын, виза убада кылган жигит шылуун экенин түшүнөт. Ушул тапта кыргызстандык келин Мексиканын Стамбулдагы консулдугунун эшигин каккылап, адилеттик издеп жүргөнүн айтты.
"Мен Мексиканын Стамбулдагы консулдугуна бүгүн да бардым. "Дагы бир документиң жетишпейт" деп жөнөтүштү. Жаңы жылга чейин алдын ала жазылуу менен гана кабыл алышат экен. Мен кезек алып койдум. Бирок ал кезек келеби белгисиз. Көрсө, биз түрк жигитке аябай көп суммага алданып калыптырбыз. Жөнөкөй иштер үчүн деле акча бере бериптирбиз. "Өткөн айда бир канча кыргызстандык Стамбулда Мексиканын визасын алабыз деп алданып калышты" дегенди угуп алар менен байланыштым. Мексиканын Стамбулдагы консулдугу Борбор Азиядан келгендерге такыр виза бербей жатыптыр. Мен түрк жаранынын үстүнөн полицияга арыз жаздым. Жылыш болобу же жокпу арсар. Андан көрө эптеп амалын таап Мексикага, андан ары АКШга өтүп алсам деп тилеп отурам", - дейт Зарина.
Ноябрдын башында "Мексикага виза жасатып берем деген кыргыз кызга алданып калдык" деген кыргызстандыктардын билдирүүлөрү социалдык тармакта тараган.
"Азаттык" алар менен байланышканда жыйырмадай кыргыз жаран Мексиканын визасы үчүн миңдеген долларга күйүп кеткенин ачык-айкын айтуудан баш тартышты. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу 40тай жаран кайрылганын, Стамбулдун башкы прокуратурасында "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун ырастады.
Ал эми Мексиканын Стамбулдагы башкы консулдугунан виза алууну каалагандар пандемиядан улам алдын ала онлайн кезекке турушат. Консулдуктун расмий сайтында түрк жарандары Мексикада электрондук уруксат документи менен 180 күн визасыз жүрө аларын, ал эми башка максатта өлкөгө бара тургандар керектүү документтерди даярдап, 44 доллар акысын төлөгөндөн кийин кабыл алынары так жазылган.
Кеме менен жолго чыккан Жылдызбек
Ал арада Эквадордон Мексикага кеме менен мыйзамсыз барган борбор азиялык иммигранттардын саны да жыл сайын өсүп жатканы маалым болду. Ушул тапта жүздөгөн чет өлкөлүк иммигрант түшүп бараткан кеменин ичинде кыргызстандык Жылдызбек да бар.
Аны менен байланышканыбызда негизинен латын-америкалыктар менен Мексиканы көздөй сүзүп баратканын, бирок жанында 30дай өзбек жана тажик жарандары бар экенин айтып берди:
"Кыргыздардан мен жалгыз баратам. Баарыбыз Шенген виза менен Италия аркылуу Эквадорго келгенбиз. Эми кеме менен Мексикага жетели деп турабыз. Ар ким ар кандай сумма төлөптүр. Мен өзүм эки миң доллар санап бердим. Мексикага жетип алсам андан ары АКШга мыйзамсыз токойду аралап эле өткөндөр бар деп уктум. Бул жол абдан оор, бирок айла жок. Жолго чыкканыма эки жума болду. Дагы жарым айда балким кирип калам", - деп Жылдызбек кыскача айтып калганга үлгүрдү.
Артка кайтарылгандар
Ошол эле учурда Мексикага виза менен учуп барган алатоолуктардын арасында кайра депортациялангандар да бар. Ноябрда Камчыбек төрт баласы, жубайы менен Бишкектен Москвага учкан. Андан ары туристтик агенттик аркылуу Мексиканын баш калаасы Мехикого тур алган. 4-декабрда Москва - Амстердам - Мехико аба каттамы менен учуп барган үй-бүлөнү Мексиканын чек ара кызматы өлкөгө киргизбей койгон.
"Бизге агенттик "ишемби күнү учкула, анда терминалда киши аз болот" дешкен эле. Амстердамда транзитте эч кандай маалымат беришкен эмес. Мехико аэропортунда айтылгандай эле киши аз экен. Паспортторубузду бергенибизде бир кызматкер бир бөлмөгө киргизди. Ал эч кандай маселе жок экенин, жөн гана документтер текшерилип жатканын айтты. Көрсө, ошондо эле биздин Москвадан алган визабыз жасалма чыкканын текшерип жатышыптыр. Эки сааттан кийин бир кызматкер келип, "силер кайра Москвага депортацияландыңар" деп учактын билетин берип койду. Визабыз жасалма экенин билген эмеспиз. Москвада аэропортто бизди орус бажысындагылар "алдамчылык" беренеси менен айыптап, Кыргызстанга депортациялады. Жалпысынан 20 миң доллардай күйүп кетти", - деген Камчыбек Орусиянын "кара тизмесине" да кирип калганына кайгырды.
Жаныбектин Америка кыялы
Албетте, Мексика аркылуу АКШга эптеп кирген ондогон кыргызстандыктар бар. Жакында эле Пенсильванияда полициянын огунан каза тапкан Нургазы да бир жылдай дал ошол эки мамлекеттин ортосундагы убактылуу кармоочу жайда отуруп чыкканы маалым болгон. Ошентип эптеп үй-бүлөсү менен Америкага киргендердин бири Жаныбек. Ал Мексика менен Американын чек арасында канча ай жашаганын, кандай азап-тозокторду башынан өткөргөнүн жана аялы менен баласынан кантип ажырап кала жаздаганын айтып берди.
Каарманыбыздын суранычы боюнча аты-жөнү өзгөртүлдү. Жаныбек өз окуясын мындайча баяндап берди:
"Буга чейин Москвада беш жыл иштеп келгем. Ал жактагы абалды билем. Америкага аябай кетким келчү. Үйлөнүп, эки балалуу болгондон кийин баягы кыялымды ишке ашырууга кириштим. Социалдык тармактардан маалымат издеп, АКШга кетүүнүн жолдорун караштыра баштадым. Албетте, элдей болуп эле грин- карт лотереясына эки жыл катары менен тапшырып көрдүм. Жолум болбоду. АКШ элчилигине туристтик виза алуу үчүн документ тапшырдым. Анда да бербей коюшту. Анан акыры Мексика аркылуу кетейин деп чечтим.
Жолго, визага акча керек да. Ал үчүн тууган-туушкандардан карыз акча топтодум, атамдын үйүн күрөөгө коюп, насыя алдым. Ошентип эки балам, келинчегим болуп, төртөөбүз жолго чыктык. Балдарымдын улуусу төрт жашта, кичүүсү тогуз айлык эле. Эмчектен чыга элек болчу. Алгач Мексиканын Түркиядагы элчилигинен виза алуу үчүн Стамбулга барып үч айдай жашадык. Анан элчиликке бардык, ал жактан өмүр бою Мексиканы көрүүнү кыялданганыбызды айтып, туристтик виза алдык.
Ага чейин эле ошол жол менен кеткен тааныштарым бар болчу. Алар менен улам чалышып, кеңеш алып турдум. Тааныштарым мага Стамбулдан, Москвадан Мескиканы көздөй кыргыз паспорту менен түз учурбайт деп айтышты. Ошол кезде Американы көздөй Мексика аркылуу кирген кыргызстандыктардын саны көбөйө баштаган. Ошондуктан баары эле билчү кыргыз жарандары кандай максат менен баратканын.
Андыктан биз Киевге барып, ал жактан төртөөбүзгө туристтик тур сатып алдык. Киевден Римге, Римден Мексиканын баш калаасы Мехикону көздөй жолго чыктык. Аэропорттон эч ким шек санабасын деп кычырап кийиндик.
АКШга Мексика аркылуу кирүүнү көздөгөндөр жана бул жол аркылуу Америкага жеткендердин аудиосун бул жерден угуңуз:
Жаныбек: аялым менен баламды жоготуп ала жаздадым
Мексиканы кадимки туристтердей он күн кыдырдык. Эки-үч шаарга бардык. Анан кетерибизге аз калганда Тихуана деген чек арадагы шаарды көздөй үй-бүлөм менен чыгып кеттик. Ал жактан бир нече күнгө мейманкана алдын-ала брондоп койдук. Тихуанага учак менен бардык. Аэропорттон эле полиция токтотуп, паспортторубузду текшерди. Эми ал жакта Тихуанага кандай максат менен барышарын элдин баары эле билет. Өзгөчө КМШ мамлекеттеринен баргандын баары эле эптеп Америкага өтүп кетели дегендер. Турист болуп, Тихуананы көрөлү дегендер дээрлик жок болсо керек.
Мен ага чейин эле Мексика полициясы коррупцияга батканын билчүмүн. Ошондуктан алдын ала долларды 20, 50 кылып майдалатып алгам. Полициялар текшергенде, ыңгайы келген жерден кыстара коёюн деп даяр турдум. Бирок кудай жалгап алар мени өткөрүп жиберишти.
Ошентип мейманканада түнөп алып, эртеси күнү аялым кичүү уулум менен чек арадагы бир бекетти көздөй, мен чоң балам менен башка бекетти көздөй жөнөдүк. Анткени кимибиз биринчи өтсөк да, экинчибиз "аялым же күйөөм өтүп кетти, мени да коё бергиле" деп айтканга экиге бөлүндүк.
Барсам, чек ара бекетинде мигранттар батпайт. Негизи Латын Америкасындагы башка мамлекеттерден келгендер экен. Ал жактан таң атпай туруп кезекке жазылыш керек экенин билдим. Ал бекетте жалаң америкалык чек арачылар турушат. Аялым дагы башка бекетте керелден-кечке туруп, өтө алган жок. Анан эртеси күнү кайра эле экиге бөлүнүп кеттик. Мен таң атпай барып тизмеге төртөөбүздү тең жаздырып койдум. Менин алдымда да миңдеген киши жазылыптыр. Бул бир күндүкү эле. Ошол күнү бир убакта аялым чалып эле аларды бир адамдар келип, машинеге отургузуп белгисиз жакка алып баратышканын айтты. Эч нерсе түшүндүрбөптүр. Кайда алып баратканын сура десем, телефонду улам басып коёт. Ошол бойдон кечке жок.
Мен ага чейин чек арадан балдарды, адамдарды уурдашат деп уктум эле. Айрымдарын "туткунга алып, акча табышат" деген дагы имиштерди кулагым чалган. Ошентип кимдир бирөөлөр уурдап кеттиби деп ойлодум. Башыма эмне деген гана ойлор келген жок. Ушул жолго чыкканыма, балдарымды, үй-бүлөмдү тобокелге салганыма абдан өкүнүп, өзүмдү коёрге жер таппай жаттым. Элестетсеңиз, мойнуман ылдый кара тер куюлду.
Бир убакта күүгүм киргенде аялым чалды. Көрсө аларды үй-жайсыз, көчөдө калган аялдар жаткан жерге алып барышыптыр. Бала-чакалары менен ошол жерде жатышат экен. Аялым менин күйөөм бар, "бомж" эмесмин деп чыр салыптыр. Ошентип кайра келди.
"Тихуанада бир жарым ай жаттык"
Анан экөөбүз күндө баягы тизмедеги кезегибиз качан келет деп чек арага түйүнчөктөрүбүздү көтөрүп алып, күндө барып, эртеден кечке турабыз. Ошентип бир жарым ай турдук. Ал маалда чек арадан дагы эки кыргыз бала менен тааныштык. Алар да Тихуанада ижарадагы батирде турушуптур.
Бул 2018-жылдын күз айлары эле. Ошол маалда Гондурастан он миңдеген мигрант Америкага кирүү үчүн Мексикага келишкен. Биз да дал ошол убакытка туш келип калдык. Тихуананы жөн эле мигранттар каптап кетти. Алар көчөлөрдө укташат, ошол эле жерде тамактанышат.
Акыры бир жарым ай өткөндөн кийин биздин кезегибиз келип, бир машинеге салып алып кетишти. Ал жерден эч нерсе сурашпайт. Болгону аты-жөнүбүздөн чакырып, салып кетти. Анан аялым менен балдарымды өзүнчө, мени өзүнчө бөлүп кетишти. Кийимибизди чечтирип алып, атайын форма беришти.
Мени туурасы төрт, узундугу алты метрлик эч бир терезеси жок, эшиги темир тор бир бөлмөгө киргизип коюшту. Ал жакта отуздай адам бар экен. Ар кандай адамдар, көбү Африка жана Латын Америка мамлекеттеринен келгендер. Арасында Түркиядан Эрдогандын куугунтугунан качып бараткан гүленчилер да бар экен. Телефон, саат сыяктуу эч нерсе жок. Полго уктайсың, кондиционер катуу урганда жамынып алууга фольга беришет экен. Тамак алып келгенде гана түш же кеч болгонун билебиз. Негизи үй-бүлөлөрдү көп кармашпайт экен. Мени суракка алып кетип, эмне максат менен, эмне үчүн мекенимден качып келатканымды сурашты. Аларды ынандыра ала турган жооп бериш керек. Болбосо кайра артка депортациялап салышы мүмкүн. Ошентип мен аларды ынандыра алдым окшойт. Андан кийин АКШда тосуп алчу киши барбы деп сурашат. Анан ага чалышат. Мен үчүн кепилдик ала турган киши баары жайында экенин айткан соң беш күндөн кийин коё беришти. Ошентип үй-бүлөм менен чыгып кеттик. Аялым, балдарыма жерге салып жатчу матрас беришиптир.
"Ушуну билгенде жолго чыкпайт болчумун"
Чынын айтсам, мен ушундайды билгенде жолго чыкпайт болчумун. Кудай сактап, өтүп кеттик. Бирок башкаларга мындай жол менен келүүгө кеңеш бербейт элем. Анткени жанагы борбордо бир жылдап отургандар бар. Мексикадан чек арадан бирөө балдарымды уурдап кетсе эмне болмок?! Анан бул жакка Мексика аркылуу келип алгандардын ал жолду жарнамалап, "ушундай эле келсеңер болот" деп, элге таанымал адамдардын айтканын түшүнбөйм. Бул абдан кооптуу жол. Мен баш-аягы 27 миң доллардай короттум. Америкага келүүнүн эң туура, мыйзамдуу жана коопсуз жолу - грин-карт лотореясы. Аны менен мыйзамдуу келесиң, каалаган убактыңда мекениңе кетип калсаң болот. Кааласаң калып каласың. Биздейлер киргенин кирип алып, бирок чыга албайт. Анткени мыйзамсыз жүрөсүң. Документтериңди тапшыргандан кийин аны качан аларыңды билбейсиң, мына быйыл, мына эмдиги жылы деп, акчанын кулу болуп жүрө бересиң. Мисалы, жакында эле Америкадагы бир жигиттин Кыргызстанда атасы өтүп кетти. Ал жалгыз бала экен. Атасына топурак салганга бара албай арманда калды. Ошондуктан жети өлчөп, бир кесүүгө кеңеш берет элем".
АКШга агылган борбор азиялыктар көбөйдү
6-декабрда Вашингтондун "Мексикада кал" саясаты расмий түрдө күчүнө кирди. Укук коргоочулардын айтымында, Мексикага депортацияланган мигранттар катаал шарттарда башпаанек издөө боюнча чечим кабыл алуу үчүн дээрлик бир жарым жылдай күтүүгө туура келет.
АКШнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча ушул айдын башында Аризона штатынын Мексика менен чектешкен Юма тилкесинде бир күндө 1300дөй мигрант катталган. Бул адаттагыдан эки эсе көп.
Юмада кармалган иммигранттардын көбү Мексика, Сальвадор жана Гватемала сыяктуу Борбордук Америка өлкөлөрүнөн келгени менен, чек аранын кызматкерлери акыркы убакта Борбор Азиядан жана Бангладештен баргандардын саны көбөйгөнүн байкашкан.
Жакында эле Телеграмдагы каналдардын биринде Юма тилкесинен Американы көздөй бараткан болжол менен улуту өзбек төрт адамдын видеосу чыкты. Ал видеону ким жана качан тартканы белгисиз.
"Азаттыктын" өзбек кызматы жазгандай, алар чек араны мыйзамсыз кесип бараткан жеринен америкалык чек арачылар токтоткон. Андан ары ал төрт адам эмне болгону белгисиз. Өзбекстандын АКШдагы элчилиги бул боюнча суроого жооп берген жок.