Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстан менен Венгриядагы элчи кызматына сунушталган талапкерлерди караган жок.
Комитеттен билдиришкендей, бул маселени Жогорку Кеңештин жаңы курамы карай турган болду.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Фархат Иминов, Венгриядагы элчиликке Талант Кушчубеков сунушталган.
Фархат Иминов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 2015-жылы "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип, 2018-жылы мандатын тапшырган.
Талант Кушчубеков буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп 2018-жылдан бери Ибрагим Жунусов иштеп келген. Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги жаңы ачылды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өттү. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-ноябрда чыгары айтылган. Парламенттин жаңы курамы 22-декабрда ант бере турганы айтылды. (МТа)
Дагы караңыз
Өзбек министрлиги аялдарды асылуулардан коргоону сунуш кылдыТалантаалы Бакчиев "Манас" жана Айтматов академиясынын президенти болуп дайындалды Москва облусундагы монастырда жардыруу болдуЕврошаркет "Вагнердин аскердик менчик компаниясына" санкция салат