Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:01

Талантаалы Бакчиев "Манас" жана Айтматов академиясынын президенти болуп дайындалды


Топчубек Тургуналиев, Эдил Байсалов, Талантаалы Бакчиев. (солдон оңго)
Топчубек Тургуналиев, Эдил Байсалов, Талантаалы Бакчиев. (солдон оңго)

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти болуп Талантаалы Бакчиев дайындалды. Бакчиевди академиянын жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Буга чейин академияны Топчубек Тургуналиев жетектеп келген.

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси 2019-жылы түзүлгөн.

Талантаалы Бакчиев - манасчы, "Манас" эпосун изилдөөчү, филология илимдеринин доктору.

Академия "Манас" эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө үчүн түзүлгөн.

2011-жылы Айтматовдун туулган күнүнүн урматына жана Алыкул Осмоновдун каза болгон күнүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин токтому менен 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган. (МТа)

XS
SM
MD
LG