Акын, “Азаттыктын” журналисти Бурулкан Сарыгулова "Алтын калем" сыйлыгын алды

“Азаттыктын” журналисти, акын Бурулкан Сарыгулова. Сыйлык алуу учуру. 12-декабрь, 2021-жыл. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры. Бишкек.

12-декабрда Бишкекте Улуттук адабият күнүнө жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада «Алтын калем» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

“Алтын калем” адабий сыйлыгы адабияттын поэзия, проза жана драматургия жанры боюнча тогуз адамга ыйгарылды.

Поэзия боюнча сыйлык акындар Бурулкан Сарыгуловага, Жедигер Саалаевге жана Улукбек Омокеев тапшырылды.

Проза багытында жазуучулар Топчугүл Шайдуллаева, Айдарбек Сарманбетов жана Арслан Койчиев сыйлык ээси болушту.

Драматургия жанрында Капарбек Токтошев, Тыныбек Сыдыков жана Нурлан Абдрахманов жеңүүчү аталды.

Кыргызстандын жазуучулар союзу ушул жылдын 30-октябрында «Алтын калем» сынагынын жобосун жарыялаган. Ага ылайык, адабияттын проза, поэзия, драматургия жанрлары боюнча үч жеңүүчү аныкталып, ар бирине 100 миң сомдон акчалай байге тапшырылары айтылган.

Калыстардын чечими менен үч жанрдын ар бирине үчтөн жеңүүчү татыктуу болгон.

Катышуучулардын чыгармалары 30-октябрдан тартып 20-ноябрга чейин кабыл алынган, жаш курагы чектелген эмес. (MZh)

Дагы караңыз

Улуттук кардиология борборунда министр менен юристтин кайым айтышкан видеосу тарадыУКМК: түрк ишкери аэропорттогу милиция бөлүмүндө тонолгон Кумтөр: Жапаровдун билдирүүсү, кылмыш иштеринин чоо-жайыКыргызстанда Улуттук адабият күнү белгиленүүдө"Айтматовдун "Жамийласы" кыргыздын эркиндик гимни"