Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Кыргызстанда Улуттук адабият күнү белгиленүүдө


12-декабрь - Кыргызстанда Улуттук адабият күнү.
12-декабрь - Кыргызстанда Улуттук адабият күнү.

Бүгүн, 12-декабрда Кыргызстанда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана Улуттук адабият күнү белгиленип жатат.

Бул күнгө Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында поэзия кечеси жана республикалык “Алтын калем” сыйлыгын ыйгаруу аземи өтүүдө.

Саат 15:00дө Fablab инновациялык борборунда “Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы” тапшырылат. Саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында обончу, ырчы жана аткаруучу Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына арналган салтанат уюштурулат.

Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасы USAID менен биргеликте “Окуу керемет!” долбоорун улантууда. 10-декбардан 15-декабрга чейин бул долбоордун алкагында өлкөнүн бардык китепканаларында окуучулар, студенттер, жергиликтүү тургундар үчүн китеп көргөзмөлөр, акын-жазуучулар менен жолугушуулар жана көркөм окуу иш-чарасы өтүп жатат.

Улуттук адабият күнүн белгилөөнү 2011-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, маркум Эгемберди Эрматов сунуш кылган. Ошол жылы өкмөттүн чечими чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG