Бийликтин алдын ала маалыматына ылайык, Кентукки штатындагы бороон кеминде 100 кишинин өмүрүн алды.
Губернатор Энди Бешир бул бороон штаттын тарыхындагы эң ири кырсык болуп калганын белгиледи.
Баарынан көп Грейвс округу жана анын административдик шаары Мейфилд жабыркаган. Бороон шам заводунун чатырын, юстиция сарайынын мунарасын жана анын жанындагы түрмөнүн имаратын талкалаган. Жергиликтүү бийлик Кентуккиде өзгөчө абал жарыялады.
Теннессиде үч киши, Арканзаста бир киши каза болгону кабарланды. (TSh)
Дагы караңыз
Коронавирустан дагы эки киши каза болдуУКМК: түрк ишкери аэропорттогу милиция бөлүмүндө тонолгон Кыргызстанда Улуттук адабият күнү белгиленүүдөУКМК зордуктоого шектүүнүн атайын кызматка тиешеси жок экенин билдирди