Улуттук олимпиада комитетинин президентин шайлоо өтүүдө

Улуттук олимпиада комитетинин башкы ассамблеясынын жыйыны. 10-декабрь, 2021-жыл.

Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте Улуттук олимпиада комитетинин башкы ассамблеясы өтүп жатат.

Анын алкагында Улуттук олимпиада комитетинин президентин, вице-президенттерин жана аткаруу комитенин мүчөлөрүн шайлоо өтөт. Олимпиада комитетинин президенттигине Кыргызстандын ат спорту федерациясынын президенти Садыр Мамытов жана “Келечек” олимпиадалык академиясынын башчысы Болот Мотукеев талапкерлигин койгон.

Мурдагы жетекчи Шаршенбек Абдыкеримов 23-ноябрда саламаттыгына байланыштуу иштен кеткен. Анан милдетин биринчи вице-президент Канат Аманкулов аткарып келген. Ал 9-декабрда өз ыктыяры менен кызматын тапшырып бергени жыйында белгилүү болду.

Декабрдын башында Саламат Эргешов да Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. (GT)

Дагы караңыз

Байден: Украинанын НАТОго кириши анын өзүнөн жана уюмдан көз карандыӨкмөт Казакстандан газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алууну көздөп жататАудит Улуттук кардиология борборунда каржылык мыйзам бузууну аныктады Кавалери: Европада коронавирустун төртүнчү толкуну жүрүп жатат