Пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тараткан маалыматка ылайык, ал транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеген кезде 45 миң доллар акча каражатын опузалап алган фактысы аныкталган.
Шектүү Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына киргизилди.
УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган мамлекеттик кызматкерлерди буга чейин да кармаган. 2-декабрда атайын кызмат Салык кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жемкорлукка шек саналып кармалганын маалымдаган.
Дагы караңыз
Москвада кыргыз жараны поездге боюн таштаганы кабарландыНарын: карагай отургузган токойчуларБишкектеги фестивалда Азимжан Аскаров жөнүндө фильм көрсөтүлдүРохинжа качкындары "Фейсбукка" 150 миллиард доллар доо койду