Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:39

Бишкектеги фестивалда Азимжан Аскаров жөнүндө фильм көрсөтүлдү


Азимжан Аскаровдун сотунан тартылган сүрөт. 2017-жыл.
Азимжан Аскаровдун сотунан тартылган сүрөт. 2017-жыл.

Бишкекте өтүп жаткан "Бир Дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалында абакта кайтыш болгон укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндө фильм көрсөтүлдү.

Даректүү тасма “Акыйкат үчүн акыркы мүмкүнчүлүк” деп аталып, ага Молдовадагы белгилүү журналист, документалист Марина Шупак режиссёрлук кылган.

Аскаровдун тагдыры баяндалган фильм буга чейин Европанын бир катар өлкөлөрүндө жабык көрсөтүлгөн.

2010-жылдагы июнь окуялары үчүн айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаров өмүрүнүн аягына чейин камалып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун кабарлаган.

Быйыл 27-июлда Бишкек шаардык соту Аскаровдун өлүмү боюнча ишти кайра кароого жөнөткөн.

Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу укук коргоочу уюмдар кыргыз бийлигин сындап келишет. Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече ирет кайрылуу таратып, айыбы жок экенин билдирген.

Адам укуктарына арналган даректүү фильмдердин “Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалы 3-декабрда башталды. Ага катышкан тасмалар 9-декабрга чейин кинотеатрларда элге акысыз көрсөтүлүп, адам укуктарына арналган талкуулар менен коштолот.

Бул фестивалдын 15 жылдык тарыхында адам укуктары жана эркиндиги боюнча өзөктүү темаларды көтөргөн 500гө жакын даректүү тасма көрсөтүлгөн. Фестивалга Кыргызстанда жана чет өлкөдө тартылган даректүү тасмалар катышат. (MZh)

XS
SM
MD
LG