УКМК "Хизб ут-Тахрирдин" балдар менен иштеген мүчөсү кармалганын билдирди

Иллюстрация.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун балдар менен иштеген мүчөсү кармалганын билдирди.

6-декабрда баш калаанын Биринчи май райондук сотунун санкциясынын негизинде аталган уюмга мүчө деп шек саналган эки кишинин батиринде тинтүү жүргүзүлдү.

24 жаштагы шектүүнүн үйүнөн "Хизб ут-Тахрир" уюмуна таандык адабияттар, идеологиялык жазуулары бар материалдар табылган. 27 жаштагы шектүүнүн үйүндө балдарга диний билим берилип жатканы аныкталган.

"Тинтүү жүргүзүлгөн кезде батирде 10-17 жашка чейинки жети өспүрүм болгон. Алардын көбү эмгек мигранттарынын балдарды экени такталды",- деди УКМКнын басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов.

Балдарга окутуу уюштурган деп шек саналган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал окутуп жаткан өспүрүмдөр туугандарына өткөрүлүп берилди.

Сунни мусулмандарынын “Хизб ут-Тахрир” уюму "ислам халифатын курууну көздөйт" деп мүнөздөлөт. Бул диний-саясий уюм бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда да "экстремисттик" деп табылып, 2003-жылы Жогорку соттун чечими менен ишмердигине тыюу салынган.

УКМК бул уюмга мүчө деп шек саналгандар кармалганын утуру маалымдап келет.

Дагы караңыз

Байден менен Путин "Украина маселесин" сүйлөшөт АКШ Бээжин Олимпиадасына дипломатиялык бойкот жарыяладыАкылбек Жапаров жумушчу сапар менен Нур-Султанга жөнөп кеттиСалык кызматы аткаминерлердин байлыгын жарыялады