Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:43

АКШ Бээжин Олимпиадасына дипломатиялык бойкот жарыялады


Бээжиндеги Олимп оюндарына бойкот жарыялоонун эмблемасы.
Бээжиндеги Олимп оюндарына бойкот жарыялоонун эмблемасы.

Вашингтон Кытайдагы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялаганын Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки билдирди. Ал бирок буга карабастан америкалык спортчулар Олимпиадага катыша аларын кошумчалады.

"Кытай бийлиги Шинжаңдагы мусулман азчылыгына карата басым жасап, анын адам укуктарын одоно бузган учурларын эске алуу менен Байдендин администрациясы Бээжин-2022 кышкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык же расмий делегацияны жибербейт", - деди Псаки брифингде .

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыяланышы мүмкүн экендиги тууралуу айткан. Ал буга негизги себеп катары Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгурларга жасаган кысымынан тышкары Тибет менен Гонконгдогу адам укуктарынын бузулушун да атады.

АКШнын демилгесин Австралия да колдоду. Бирок бул өлкө Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыялоо боюнча чечим кабыл алган эмес.

Бээжин Олимпиадасы 2022-жылдын 4-20-февралында өтөт.

Акыркы жолу АКШ 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадага толук бойкот жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG