АКШ президенти Жо Байдендин Орусиянын башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүсүн утурлай Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөнү маалым болду.
Зеленский “Твиттерге” жазгандай, Блинкен Орусияга украин чек арасын бузбоо тууралуу олуттуу эскертүү берилерин айтты.
“Биргелешкен жана макулдашылган аракеттерди уланта берүүнү сүйлөштүк. АКШнын стратегиялык өнөктөштөрүнө жана союздаштарына биздин эгемендикти жана аймактык бүтүндүгүбүздү колдоп жатканы үчүн ыраазымын” деп жазды Зеленский.
Бүгүн 7-декабрда Байден менен Путин кызматташтыкты видеобайланыш аркылуу талкуулаганы жатышат жана анда негизги темалардын бири Орусиянын аскердик кийлигишүүсү, Украинанын НАТОго кошулуу аракети болот.
Кошмо Штаттар эгер орус бийлиги Украинага каршы аскердик агрессиясын токтотпосо “олуттуу чыгым тартарын” буга чейин эскерткен.
Орусия Украинанын НАТОго кириши же альянстын Украинада аскер базасын орнотушу Орусия үчүн "кызыл чек" болорун айткан.
Украина орус-украин чек арасында Орусиянын 94 миң аскери турганын маалымдап жатат.
АКШнын чалгын кызматы чек арадагы аскерлердин саны 74 миң экенин, кийинчерээк 175 миңге чейин жетиши ыктымалдыгын кабарлады. (RK)
Дагы караңыз
Масадыков коопсуздук маселелерин талкуулаганы Иранга бардыШайлоо-2021: Добуш эсептөө боюнча көз каранды эмес топтун жыйыны өтөтӨнүгүү боюнча улуттук программаны ишке ашыруу планы талкууланат Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылары” сегизинчи жолу басылып чыкты