Өнүгүү боюнча улуттук программаны ишке ашыруу планы талкууланат

Өкмөт үйү.

Бүгүн 7-декабрда Бишкекте Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки улуттук программасын ишке ашыруу планы талкууланат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) программаларынын колдоосу менен уюштуруп жаткан жыйынга эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да катышат.

Анда калкты жумуш менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо системасын санарип технологиялардын негизинде реформалоо, билим берүүнү жакшыртуу жолдору, гендер теңчилиги тууралуу сөз болот.

2026-жылга чейин эсептелген улуттук программа быйыл октябрь айында кабыл алынган. Анда реалдуу жылдык экономикалык өсүш көрсөткүчүн орточо 5% кылуу, тышкы мамлекеттик карызды ички дүң өнүмгө карата 60% ашырбоо, жакырчылык деңгээлин 20% чейин, ал эми жумушсуздукту 5% чейин төмөндөтүү каралган. (RK)

Дагы караңыз

Абдиева: Аял жетектеген жерде киреше көп БШК Акбөкөн Таштанбековду жоопко тартууга макулдугун берди Индонезия: Жанар тоо атылгандан кийин өлгөндөр 22ге жеттиЖаңылыктар | 6.12.2021 | Салык кызматы аткаминерлердин байлыгын жарыялады