Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:13

Индонезия: Жанар тоо атылгандан кийин өлгөндөр 22ге жетти


Ява аралында каза болгон маркумдун сөөгүн алып баратышкан куткаруучулар. 6-декабрь, 2021-жыл.
Ява аралында каза болгон маркумдун сөөгүн алып баратышкан куткаруучулар. 6-декабрь, 2021-жыл.

Индонезиянын Ява аралындагы Семеру жанар тоосу атылып, 22 киши көз жумду. Отуз чакты адамдын дайыны белгисиз.

Куткаруу иштери аба ырайынын начарлашына байланыштуу бир аз убакытка токтоп турду. Күн ачылгандан кийин куткаруучулар 13 жашар өспүрүмдүн сөөгүн казып чыгышты. Ооруканага 56 адам жаткырылды.

4-декабрда жанар тоо атылганда, күл менен газ 15 миң метр бийиктикке көтөрүлүп жакынкы кыштактарды каптаган. Үч миңдей турак-жай, мектеп, жол, көпүрөлөр жабыркады.

Семеру Индонезиядагы 120дан ашуун активдүү вулкандардын бири. Акыркы жолу январда атылган, адам өлүмү болгон эмес.

XS
SM
MD
LG