"Кыргыз көмүр": Кара-Кечеде көмүр казылып жатат

Кара-Кече кенинде кезек күткөн автоунаалар. 19-ноябрь, 2021-жыл.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов Кара-Кече көмүр кениндеги мамлекеттик карьер иштеп жатканын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда көмүрдү Бишкек жылуулук электр борборуна ташууга жана үч миң сомдон сатууга макул болгон айдоочуларга көмүр жүктөлүп жатат.

"Мурда карьердин үч жеринде көмүр жүктөлүп жаткан. Азыр бир жеринин үстүн ачып даярдап алалы деп 4-5 күнгө жаптык. Эки жеринен көмүрдү Бишкек жылуулук электр борборуна ташууга жана үч миң сомдон сатууга макул болгон айдоочуларга жүктөлүп жатат. Нааразычылык билдирген айдоочулар ЖЭБге көмүр ташууга макул болбой жатат. Биз азыр биринчи кезекте ЖЭБди көмүр менен камсыздап алышыбыз керек".

Жакыповдун айтымында, быйыл Бишкек ЖЭБине Кара-Кечеден көмүр ташуу боюнча тендерди айдоочулар ассоциация түзүп утуп алган. Бирок арасынан ЖЭБге көмүр ташуудан баш тарткандар болууда.

Буга чейин бир нече айдоочунун Кара-Кечеден аймактарга көмүр ташып саткан жеке жактарга көмүр жүктөлбөй жатканына нааразычылык билдирген видео тараган.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралууда.

12-октябрда Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркын мамлекеттик жөнгө салууну киргизген. Бирок баа көтөрүлө берген.

16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте 3000 сомдон көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. Бирок аларга чоң кезек жаралып, бир кишиге ашып кетсе эки тонна гана сатылууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кара-Кечедеги көмүр кризиси

Дагы караңыз

“Марал” радиосунун обого чыкканына 10 жыл болдуБишкек мэриясы таштандыны жер алдында сактоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат“Бишкек-Сити” борборун куруу үчүн мамлекеттик дирекция түзүлөт Чүйдө бойго жете элек кызды зордуктоого шектүү адам кармалды