"Марал” радиосу 10 жылдыгын белгилеп жатат. Юбилейге арналган салтанаттуу иш-чара 6-декабрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония уюштурулду.
Радио алгач Ош шаарында обого чыгып, анан Бишкектен Кыргызстандын бардык аймагына угузула баштаган. Кийинчерээк сайты, "Марал" телеканалы жана онлайн тиркемеси ишке кирген.
Аталган медианын жетекчилиги радионун иши а дегенде каалоочулардын ыктыярдуу түрдө көрсөткөн жардамы менен башталганын айтат.
"Азаттык" радиосунун жамааты "Марал" телерадиокомпаниясындагы кесиптештерди юбилей менен куттуктайт.
"Сыябан" подкастын угуңуз