“Бишкек-Сити” борборун куруу үчүн мамлекеттик дирекция түзүлөт

Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

“Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик дирекция түзүү жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 4-декабрда расмий кабарланды. Уюштуруу иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлдү.

Аталган долбоор борбор калааны көрктөндүрүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүү, шаардын туристтик дараметин жогорулатууну көздөйт.

"Бишкек сити" каерге жана качан курулары, ага канча каражат кайдан жумшалары тууралуу азырынча маалымат айтылган жок.

Дагы караңыз

Чүйдө бойго жете элек кызды зордуктоого шектүү адам кармалдыКорумду-Балбай жолунун курулушу 2022-жылы башталатТоктогул ГЭСи: кризис жазда тереңдейби?Абдиева: Аял жетектеген жерде киреше көп Шайлоо-2021: Кол санактын протоколдору 99,96% катталып бүттү