АКШ жана Батыш өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданууда

Талибдер кылмышкер деген шек менен кармаган адамдар. Урузган провинциясы. 3-декабрь, 2021-жыл.

АКШ жана анын Батыштагы өнөктөштөрү Ооганстанда мурдагы аткаминерлердин жана коопсуздук кызматкерлеринин өлтүрүлүшүн же дайынсыз жоголушун сынга алышты.

“Биз болжолдогон окуялар адам укугуна жана талибдер жарыялаган мунапыска каршы келет. Биз “Талибанды” (Кыргызстанда тыюу салынган) ооган коопсуздук күчтөрүнүн мурдагы кызматкерлерине жана мурдагы өкмөт өкүлдөрүнө карата мунапысты натыйжалуу ишке ашырууга чакырабыз. Мунапыс бүтүндөй өлкөдө сакталышын камсыз кылууга үндөйбүз”, - деп жазылган АКШ, Евробиримдик жана башка 20 өлкө тараткан билдирүүдө.

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) уюму уюму талибдер августтун ортосунда бийликти басып алгандан бери Ооганстандын төрт аймагында эле күч түзүмдөрүнүн 100дөн ашуун мурдагы кызматкери өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгонун 30-ноябрда билдирген.

Баяндамада талибдерге багынып берген же кармалган ооган коопсуздук күчтөрүнүн 47 мурдагы мүчөсү өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгондугу аныкталганы жазылган.

“Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Кабул бийлиги менен иштешкендерге жана мурдагы коопсуздук кызматкерлерине мунапыс берилерин айтып келатканы менен, жергиликтүү кол башчылар аларды өлтүргөн же дайынсыз болгон учурлар катталып жатканы белгиленген.

Ооганстанда 34 облус бар.

Дагы караңыз

Байден менен Путин орус-украин чек арасындагы абалды талкуулайт Жаңы кодекс: Жээнбековдун адвокаты бийликке кайрылды COVID-19: Европада миңдеген адам чектөөлөргө каршы демонстрацияга чыктыКоронавирустан дагы бир киши каза болду, 42 учур катталды Жапаров кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктадыКегети капчыгайында кореялык турист каза таптыПрезиденттик автопаркты электромобил менен жабдуу мүмкүнчүлүгү каралатСадыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Бишкек шаардык сотуна судья болуп дайындалдыОн чакырым жөө баскан фельдшер, аязда алтын чайкагандар...Москва: мекендештер ок жеген жигитке жардам чогултууда