Түштүк Кореянын 51 жаштагы жараны 4-декабрда түш ченде Чүйдүн Кегети капчыгайындагы Көл-Төр көлүнө баратып, эс-учун жоготуп көз жумган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары сөөктү тоодон түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы туристтин өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн маалымдады.
Дагы караңыз