Коронавирустан дагы бир киши каза болду, 42 учур катталды

Коронавирустан дарылоочу оорукана. Бишкек. 2021-жыл.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 5-декабрга карата берген маалыматына ылайык, вируска 42 адам чалдыкканы расмий аныкталды:

Бишкек - 20;
Ош шаары - 1;
Чүй облусу – 5;
Ош облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу - 2.

Талас жана Нарын облустарында коронавирус жуктургандар катталган жок.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы - 183 615 адам коронавируска чалдыкты.

Акыркы суткада коронавирустан бир адам көз жумду, анын эмдөөдөн өтпөгөнү айтылды. Оорудан каза болгондордун жалпы саны – 2758 адам.

Ооруканада 380 бейтап, ал эми 392 адам үйүндө дарыланып жатат.(ZKo)

Дагы караңыз

Кегети капчыгайында кореялык турист каза таптыСадыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Бишкек шаардык сотуна судья болуп дайындалдыПрезиденттик автопаркты электромобил менен жабдуу мүмкүнчүлүгү каралатОн чакырым жөө баскан фельдшер, аязда алтын чайкагандар...Москва: мекендештер ок жеген жигитке жардам чогултуудаАбакта инсульт алган аял дарыланууга муктажӨзүңдү сүй, өкүнбө...