Бир мандаттуу округдардын айрым талапкерлери БШКга нааразылык билдирүүдө

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдардан катышып, утулуп калган талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына нааразылыгын билдирүүдө. Алардын айрымдары бүгүн, 2-декабрда БШКнын имаратына чогулушту. Алар менен Боршайкомдун төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназров жолугуп, арыз-даттанууларын угуп жатат.

Талапкерлер үгүт өнөктүгү учурунда жана шайлоо күнү добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу сыяктуу көрүнүштөр орун алганын белгилешти. Талапкерлердин бири Нурбек Токтакунов бул шайлоодо БШКнын добуштарды эсептөө системасындагы бузулуу добуш берүүнүн жыйынтыгына шек жаратып койгонун билдирди. Ал мыйзам бузуулар боюнча дароо тийиштүү мекемелерге, сотко кайрылууга чакырды.

"Кайсы бир участокто шайлоонун жыйынтыгы боюнча шек жаралып жатса добуштарды кайра эсептеп чыгууга даярбыз. Буга кызыктар адамдар укугу бар. Биз ар бир партиядагы IT адистерин кошкон топ түзүп, көрсөтүп берүүгө даяр экенибизди билдирдик".

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек. Бир мандаттуу округдар боюнча 280ден ашуун талапкер катышты.

Алдын ала маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Свердлов жана Биирнчи май райондорунда баарына каршы добуш бергендер көп болду. Мыйзам боюнча эки райондо кайра шайлоо өтүшү керек.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34% тегерегинде болду.

Дагы караңыз

Президент депутаттардын айлыгын кыскарткан жарлыкка кол койдуОрусия чалгынчылар үчүн смартфон чыгардыБеш-Кемпир: эски кампада билим алган окуучуларТалибдер менен ирандык чек арачылар кагылыштыАба ырайы: күн ачык болот