Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Талибдер менен ирандык чек арачылар кагылышты


Иран-Ооган чек ара өткөрмө бекети.
Иран-Ооган чек ара өткөрмө бекети.

Ооганстандын Нимруз провинциясы менен Ирандын Систан жана Белужистан провинцияларынын чек арасында талибдер менен ирандык чек арачылар кагылышты.

Ооганстандын Aamaj News агенттиги кагылыш бир нече саатка созулганын кабарлады. Ага ылайык, талибдер ирандык чек арачыларды "Дост Мохаммад" жана "Балайи Сиях Чашман" чек ара өткөрмөлөрүнөн кууп чыгышкан. Алар тартылып алынган оор курал-жарактарды алып кетишкен.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын Tasnim маалымат агенттиги бул кагылышты тастыктап, бирок чек ара бекеттерин талибдер басып алганы тууралуу маалыматты четке какты.

"Азаттыктын" ооган кызматына "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) өкмөтүндөгү атын атагысы келбеген булактын айтымында, кагылышуу кечки саат 17:00 чамасында башталган.

Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо талибдердин аскер бөлүктөрү жеңил жана оор куралдарды колдонуп жатканын көрүүгө болот.

Булактын айтымында, окуя башталгандан кийин провинциянын борбору Нимруз шаарынан чек ара тилкесине кошумча күчтөр жөнөтүлгөн. Талибдердин башка бир өкүлү Ирандын үч чек ара бекети басып алынганын билдирди. Тегерандагы Tasnim маалымат агенттиги талибдердин Ирандын үч чек ара өткөрмө бекетин басып алганы тууралуу ырастоосун төгүндөдү.

Анын билдирүүсүндө, "Иран чек арачылары менен талибдердин ортосундагы кагылышуу Шаголак чек ара аймагында болгон". Анда биринчи болуп талибдер ок чыгарганы жазылган. Талибдер тескерисинче, Ирандын куралдуу күчтөрү ок чыгарганын айтууда.

Нимруз провинциясындагы жергиликтүү тургундарынын бири окуянын такыр башкача өңүттөгү версиясын айтып берди. Өзүн Вали деп тааныштырган тургун "чек ара тилкесинде ары-бери өтө албай топтолуп калган адамдардын айынан жаңжал чыккан" деди.

"Талибандын" басма сөз катчысы Забиулла Мужахид Нимруз провинциясында ооган жана иран чек арачыларынын ортосундагы кагылышуу жөнгө салынганын Твиттердеги баракчасына жазды.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Саид Хатибзода да кырдаал көзөмөлгө алынганын белгилеп, кагылышууну “чек ара аймактарынын тургундарынын ортосундагы чыр-чатак” деп атады. Учурда чек арачылардын бардык аракеттери эки тараптан тең макулдашылганын кошумчалады.

Ирандын талибдер менен ырааттуу байланышы болгонуна карабастан, баңги аткезчилиги, суунун тартыштыгы жана Ооганстандан келген качкындардын агымынан улам чек арадагы кырдаал курч бойдон калууда.

Талибдер Ооганстанда бийликти басып алгандан бери ирандык чек арачылар менен алгачкы ири куралдуу кагылышуу болду.

XS
SM
MD
LG