Жапаров ЭКУга мүчө өлкөлөрдү Ооганстанга жардам көрсөтүүгө чакырды

Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары саммитте. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ооганстандагы социалдык-экономикалык абал Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөргө түздөн-түз таасирин тийгизет деп эсептейт. Мамлекет башчы бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Ашгабадда өтүп жаткан ЭКУнун 15-саммитинде билдирди.

Садыр Жапаров аймакта тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономикада ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эместигин эскертти.

"Ооганстандагы социалдык-экономикалык абал өзгөчө тынчсыздандырат. Кыргызстан Кабулга жана алыскы Кичи, Улуу Памирдеги элге гуманитардык жардам жеткирди. Мындан тышкары, Кыргызстанда окуп жаткан ооган студенттерге виза берүүнү улантуу чечими кабыл алынды. Ооганстандын жарандык согуштун туңгуюгуна түшүп кетишине жол бербөө үчүн болгон күч-аракетти жумшоо маанилүү",- деген Жапаров.

Мамлекет башчысы ЭКУга кирген өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү деңгээлинин ортосундагы айырманы азайтуу максатында биргелешкен чараларды көрүүгө чакырып, Кыргызстан буга бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Түркмөнстандын Ашгабад шаарында ЭКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын 15-саммити өтүп жатат.

Аталган уюмга Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан мүчө. Кыргызстан уюмдун курамына 1992-жылы кирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Шайлоо: БШК өнөктүктө жалпы 106 кайрылуу түшкөнүн билдирдиБШК: мыйзам бузуулар боюнча 17 кайрылуу түштү“Эскертүү иретинде ок атылды”: Хорог боюнча расмий билдирүүХорогдо митингчилер менен бийлик өкүлдөрү жолугууда Сумаянын өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталдыМадумаров админресурсту жана добуш сатып алууну тыюу кыйын экенин айтты Кеминде жогорку чыңалуудагы устун кулап, жарык үзгүлтүккө учурады Шайлоого катышуу былтыркыга салыштырмалуу төмөн болууда Саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16% ашыгы добуш берди