Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:05

Шайлоо: БШК өнөктүктө жалпы 106 кайрылуу түшкөнүн билдирди


 БШК төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров.
БШК төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров.

БШКнын ыкчам аракет көрүү тобуна шайлоо өнөктүгү башталгандан бери мыйзам бузуулар боюнча жалпы 106 арыз түшкөн. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыркы 4-октябрдагы шайлоодо бул маалга карата 400дөн ашуун мыйзам бузуу катталган.

"Бир жыл мурдагы эсепке салыштырмалуу быйыл мыйзам бузуулар 4,5 эсеге аз катталууда. Жалпы кайрылган 106 арызды мүнөздөп өтсөк, 54ү шайлоочулардын добушун сатып алуу, сегизи үгүт иштерининин шарттарын бузуу, 37си административдик ресурсту колдонуу, үчөө шайлоо фондунан башка каражаттары пайдалануу боюнча. Төртөө ар кандай өңүттөгү мыйзам бузууларга байланыштуу".

Тынчтык Шайназаров кайрылуулардын негизинде козголгон жети кылмыш иши соттук кароого жиберилгенин, 17 кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүрүп жатканын айтты. Андан тышкары БШК тарабынан 20 талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилген. Ошондой эле 35 талапкерге жана алардын тарапташтарына айып пул салынган. Анын суммасы 292 миң сомго жетет.

Бүгүнкү парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Шайлоонун коопсуздугун камсыздоо үчүн 11 миңдей милиция кызматкери тартылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG