Жаңы эреже менен уюштурулган шайлоодо добуш берүү башталды

Шайлоо урналары.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо башталды. 28-ноябрда эртең менен саат 8:00дө шайлоо тилкелери ачылды. Добуш берүү кечки саат сегизде токтотулат.

Жаңыланган мыйзамга ылайык, аралаш системада өтүп жаткан шайлоодо парламенттеги 90 орунга депутат тандалат. Анын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

Шайлоочулар эки бюллетенге добуш беришет. Биринде партияны жана ошол партияда өзү колдогон талапкердин катар номурун белгилешет. Бул ыкма Кыргызстанда алгач ирет колдонулуп жатат.


Экинчи бюллетенде бир мандаттуу округдан катышып жаткан талапкерлерге добуш берилет.

Бюллетендерде "баарына каршы" деген графа да болот.

Шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 2494 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 59у чет өлкөдө. Шайлоо комиссияларында 30 миң 508 адам иштеп жатат.

2020-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына оппозициялык партиялар жана жарандык коом нааразылык билдирип, бийлик алмашкан жана шайлоо жокко чыгарылган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Добуш берүүнүн тартиби

Дагы караңыз

Шайлоо: эскертүү алган талапкерлер, президенттин жарлыгы Теледебат: эки лидер катышпаганы жана кара куурай темасы Теледебат: Оппозиция, диний салык жана КумтөрТеледебат: Люстрация, коопсуз шаар жана Матраимов Теледебат: Курултай жана “Акаев”, “Ташиев” темаларыТеледебат: бийликчил партия, акимдер, добуш сатып алуу