Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузуулар тууралуу 20дан ашык арыз-даттануу келип түштү. Арасында үгүт эрежесин бузуу, административдик ресурс колдонуу сыяктуу кайрылуулар бар. Ал арада президент Садыр Жапаров "Парламенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Президент жарлыгында Министрлер кабинетине, Борбордук шайлоо комиссиясына, Башкы прокуратурага, Жогорку Сотко, Тышкы иштер министрлигине шайлоону өткөрүү боюнча тийиштүү талаптарды койду. Жарлыктын негизги маңызы шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө багытталганы жазылган.
Анда бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү жана мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине кийлигишүүсүнө тыюу салуу, БШК жана бардык укук коргоо органдарына шайлоонун мыйзамдарына көзөмөл жүргүзүү тапшырылган.
"Шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык, бардык шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иши жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоонун ар кандай формаларын алдын алууга, тигил же бул талапкерди, партиялык тизмени эркин тандоосуна кедерги болбоого тийиш", - деди президенттин басма сөз кызматынын өкүлү Айнура Эргешова.
Президенттин жарлыгында ошондой эле, шайлоо өнөктүгү учурунда саясий экстремизмге, Конституциялык түзүлүшкө кол салууга, расалык, этностор аралык, социалдык же диний жек көрүүчүлүктү козутууга, зомбулукту жана согушту пропагандалоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөлдү активдештирүү жазылган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов жарлыкты аткаруу боюнча мамлекеттик органдар менен биргеликте аракеттер көрүлүп жатканын айтты.
“Президенттин жарлыгында мамлекеттик органдарга шайлоону таза, добуш сатып алууну четтетип, административдик ресурстун алдын-алып өткөрүү милдеттерин койду. Айрыкча административдик ресурсту кыянаттык менен колдонууга бөгөт коюу нормалары көрсөтүлүптүр. Бул боюнча БШК укук коргоо органдары менен биргеликте алгоритм иштеп чыгып, иштеп жатабыз”.
Арыздар жана эскертүүлөр
Борбордук шайлоо комиссиясы өзгөчө көңүл административдик ресурс боюнча арыздарга бурулуп жатканын белгиледи. Ушул убакытка чейин Баткен облусунун Лейлек районунун акиминин, Исфана шаарынын мэринин жана "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башчысынын үстүнөн үч арыз келип түшкөн.
Буга чейин Министрлер кабинети Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкуловду шайлоо бүткөнгө чейин кызматынан четтетип, Исфана шаарынын мэрине сөгүш берген.
Боршайком 1-ноябрдагы отурумунда "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаровго чара көрүүнү суранып, Министрлер кабинетине кайрылды.
БШКнын расмий сайтындагы арыз-даттануулар тууралуу реестрде 2-ноябрга карата 23 кайрылуу бар экенин көрүүгө болот.
Арасында Жогорку Кеңештин депутаты, №23 Жайыл шайлоо округунан талапкер Бактыбек Райымкуловго байланыштуу даттануу бар. Анда бул талапкер "Көк бөрү" федерациясынын 25 жылдыгына арналган улак тартыш мелдешинде жеңгендерге грамота, медал өңдүү сыйлык тапшырганы, өзүнүн атынан бир тай бергени айтылат. БШКнын маалыматына ылайык, бул арыз Ички иштер министрлигине (ИИМге) текшерүү үчүн берилди.
Өткөн аптада БШК үгүт иштерин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда жүргүзгөнү үчүн №14 Жалал-Абад шайлоо округунан талапкер Шайырбек Ташиевге, №25 Аламүдүн шайлоо округунан талапкер Болотбек Бегалиевге, №32 Кочкор шайлоо округанан талапкер Ормон Нурбек уулуна, №3 Кадамжай шайлоо округунан талапкер Нурали Талиповго эскертүү берген.
1-ноябрда ушундай эле эскертүүнү Октябрь шайлоо округунан талапкер, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев алды. БШК анын социалдык тармакка мурда жазган билдирүүлөрүнө көңүл бурган.
Ошондой эле, Боршайком Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен талапкер болуп бараткан Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Замирбек Тургунбаевди жоопко тартуу үчүн уруксат берүүнү сураган Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) өтүнүчүн четке какты. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Замирбек Тургунбаевдин айыл өкмөт башчысы кезиндеги фактылар боюнча кылмыш иши тергелип жатат.
31-октябрда Социал-демократтар партиясынын катчылыгынын башчысы Таалайбек Усубалиев мурдагы инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматовго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазганын билдирди. Анда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий баштала электе Коомдук биринчи канал "Биздин айыл" деген 25 мүнөттүк берүү көрсөткөнү, анын басымдуу бөлүгүн Шыкмаматов менен маек ээлегени айтылат. Арызда "талапкер өзүн жарнамалоо менен үгүт иштерин жүргүздү" деп айтылат. Арыз БШКнын даттануулар жана бузуулардын реестрине каттала элек. Шыкмаматов да үн каткан жок.
Президенттин убадасы жана жарлыгы
Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев бийлик шайлоону таза өткөрүү ниетин улам бекемдеп жатканын айтат.
“Президент өзүнүн принципиалдуу позициясын бир эмес эки-үч жолу айтты. Андан тышкары Коопсуздук кеңеши ар бир аймакта атайын кеңешмени өткөрүп чыкты. Ал аз келгенсип президент жарлык дагы чыгарды. Менин оюмча бийлик чынында эч жакка жан тартпай, калыс, ачык өтсүн деген ниетти сөз менен эмес иш менен көргөзүп жаткандай сезилип жатат. Экинчи жагдай, БШК дагы көз карандысыз саясат жүргүзүп жатат. Мисалы, учурдагы спикерди мыйзам бузган деп каттабай койду. Райондук сотту утуп алса, Жогорку сотко кайрылды. Экинчи факт - оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековду мыйзамга такап, абакта жатса дагы талапкер кылып каттады. Үчүнчү факт - УКМК талапкер болуп катталган Оштогу мурдагы айыл өкмөтүн жоопко тартабыз деп келди эле, шайлоо маалында талапкердин иммунитети бар деп уруксат бербей койду. Эми добуш сатып алууга чек коюлса, шайлоо болушунча таза өттү деп айтсак болот”.
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке шайлоону таза өткөрүү тууралуу бир канча жолу убада берген. 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан жоопкерчиликке да тартыларын жарыялаган.
23-октябрда өткөн жылдык маалымат жыйынында бийликтин атын жамынган партияларга добуш бербөөгө үндөгөн.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев президенттин убадасына карабай административдик ресурс, акча фактору иштеп жатат деп эсептейт.
“Биринчиден, президент колунан келген Конституциялык талаптарды айтып жатат. Мен ошол үчүн бул кишини урматтайм. Бирок айткан сөздөрүнүн аткарылышына көзүм жетпей жатат. Анткени жер-жерлерде айыл өкмөттөр өз билгенин кылып жатат. Акимдер билген намазын окуп жатат. Акча иштеп баштады. Аларды көзөмөлдөө үчүн БШКны толук тазалаш керек болчу. Президент туура сөздү көп айтып жатат. Ишке ашуусуна көзүм жетпейт”.
Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет.
Борбордук шайлоо комиссиясы 21 партия каттоодон өтүп, үгүт иштерин баштаганын билдирди. Бир мандаттуу округдардан жалпы 321 талапкер үгүт ишине кое берилген. Анткен менен 2-ноябрга карата маалымат боюнча 306 талапкер калды.