Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Көзөмөлдөө-текшерүү тобу (КТТ) аткарган иштери тууралуу маалымат берди. БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 287 талапкер ат салышууда.
2021-жылдын 24-ноябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 208 млн. 418 миң 372 сом келип түшкөн, анын ичинен 162 млн. 252 миң 129 сому чыгымдалган. Бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо фонддоруна 240 млн. 585 миң 745 сом келип түшсө, 182 млн. 84 миң 873 сом чыгымдалган.
БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу быйылкы менен 2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо партиялардын үгүт өнөктүгүн каржылоосун салыштырган.
Маалыматка караганда, быйыл партиялардын шайлоо фонддоруна өткөн жылдагыга салыштырмалуу 3,2 эсе каражат аз түшкөн. Ал эми чыгымдалган суммалары дагы 2020-жылдагы шайлоого караганда 4,1 эсе аз.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бүгүн, 26-ноябрь үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнү.
Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.
Дагы караңыз
Иманкулов шайлоо мыйзамдарын бузган 300дөн ашуун факты катталганын билдирдиАкылбек Жапаров акыркы эки күндө добуш сатып алууга катуу көзөмөл болорун эскерттиЖогорку Кеңеш Жээнбеков менен Зулпукаров боюнча кезексиз жыйынга чогулатШайлоонун коопсуздугун камсыздоого 11 миң милиция кызматкери тартылат