Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:36

Жогорку Кеңеш Жээнбеков менен Зулпукаров боюнча кезексиз жыйынга чогулат


Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков.
Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков.

Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Кумтөр иши боюнча айыпталып, камакта жаткан парламент депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун депутаттык кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси каралат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев эки депутаттын кол тийбестигин алуу боюнча парламентке сунуштама жөнөткөн.

Депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Кумтөр иши боюнча ушул жылдын май айында камакка алынган.

25-ноябрда Биринчи май райондук соту Жээнбеков менен Зулпукаровдун камактагы мөөнөтүн 30-январга чейин узартты.

"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.

Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпты четке кагып келатышат.

XS
SM
MD
LG