Эсеп палатасынын аудитору жана инспектору кармалды

УКМК имараты.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Эсеп палатасынын аудиторун "С.З" жана инспекторун "О.Ж" "Коррупция" фактысы боюнча камакка алды. Бул тууралуу Коопсуздук комитетинен билдиришти.

УКМК тараткан маалыматта мамлекеттик "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунда өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген коррупциялык фактылар аныкталганы айтылат.

Эсеп палатасынын айрым кызмат адамдары авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп алып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 160 903 доллар зыян келтиргендигин атайылап жашырышкан.

УКМК Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын, ишке катышкан башка жактарга да юридикалык баа берилип, алардын кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги тергөө учурунда далилденерин билдирет.

Дагы караңыз

26-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар жаайтДиплом чатагы: БШКнын чечими, Момбековдун жообу "Зомбулукту токтот, коркпо, жаша!": аялдар кордолгон коом ыдырайтОкумуштуу археологиялык изилдөөлөрдү каржылоого мамлекетти чакырды