Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Диплом чатагы: БШКнын чечими, Момбековдун жообу


Рыскелди Момбеков (ортодо). Архивдик сүрөт.
Рыскелди Момбеков (ортодо). Архивдик сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер Рыскелди Момбековду жарыштан четтетти. Бул тууралуу БШК чечимди 24-ноябрдагы отурумунда кабыл алды.

Момбеков БШКнын чечими бийликтин басымы алдында кабыл алынганын айтып, аны жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрыла турганын билдирди.

Боршайком Рыскелди Момбековдун талапкерлик тагдырын Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде чечти. Мекеме Момбеков 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, 2003-жылы аны бүтүргөнү тууралуу архивде документтер жоктугун билдирген.

Саясатчы көрсөткөн дипломдун каттоо номери 2003-жылы “бухгалтердик эсеп жана аудит” адистиги боюнча Михаил Стародубовго берилгени аныкталганын кошумчалаган. Ошондой эле анын биринчи диплому жасалма болгондуктан, экинчи жогорку билим тууралуу диплому мыйзамсыз деп саналарын түшүндүргөн.

Талапкерлик укугунан ажыраган Рыскелди Момбеков өзүнүн Ютубдагы каналына кайрылуу жүктөп, “саясий куугунтукка” кабылганын айтып чыкты:

“Бул чечимдин мыйзамдуулугун териштиргенге аракет кылам. Алардын чечими эч бир мыйзамга сыйбаган адилетсиз чечим болуп калды. Бул мага болгон саясий куугунтук. Анткени мындан беш күн мурун менин талапкерлигимди алганы калышкан. Бирок андан эки-үч күн өткөндөн кийин шайлоочулар менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн ачуу сөздөрүм бийликке катуу тийдиби, айтор жаңы чечим кабыл алышыптыр. Мен эми БШКга кысым болуп жатканын билип эле турам. Анткени атайын кызмат жакта иштеген ак жүрөк адам мага “сиздин акыркы кездеги сөздөрүңүз Ак үйдүн итиркейин келтирип жатат” деп айткан”.

Момбековдун дипломуна байланыштуу талаш Борбордук шайлоо комиссиясынын 18-ноябрдагы отурумунда башталган. Анда Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери Рыскелди Момбековдун жогорку билими тууралуу диплому жасалма экенин, 2020-жылдын 5-мартынан бери Жазык кодексинин "Документтердин жасалмасы" беренеси менен териштирүү жүрүп келатканын билдирген. Ал жыйынга Момбеков келбей калып, маселе 19-ноябрда кайра каралган. Анда БШК диплом боюнча маселеге тергөө жана соттун жыйынтыгынан кийин чекит кое турган болгон. Саясатчы болсо талапкер катары үгүт иштерин уланта бермек.

БШКнын 24-ноябрдагы отурумунда төрайым Нуржан Шайлдабекова жаңы чечимди төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

“Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинен Дипломатиялык академиянын диплому текшерилген. Ал эми каттоо учурунда Кыргыз улуттук университетинин дипломун текшерүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Анткени ал документ бизде болгон эмес. БШКнын 19-ноябрдагы отурумунда талапкер Кыргыз улуттук университетинен алган дипломунун көчүрмөсүн берген. Аталган көчүрмө Билим берүү жана илим министрлигине жиберилген. Министрликтен “мындай диплом Момбековго берилген эмес” деген маалымат келди. Биз талапкердин документин текшерүүдө ыйгарым укуктуу органдын расмий маалыматына гана таянабыз. Алардын маалыматы чечим кабыл алууга негиз болуп бере алат”.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына бараткан жарандан жогорку билим талап кылынчу эмес. Мындай норма быйыл жаңыланган Шайлоо кедексине кирген. “Ата Мекен” партиясы мыйзамда Жогорку Кеңештин депутатынын билим деңгээлине коюлган талапты жокко чыгарууну суранып, Конституциялык сотко кайрылган. Анын жыйынтыгы азырынча чыга элек.

УКМК жасалма деген Рыскелди Момбековдун дипломунун көчүрмөсү.
УКМК жасалма деген Рыскелди Момбековдун дипломунун көчүрмөсү.

БШК бир апта өтпөй чечимдин өзгөрүшүнө Билим берүү жана илим министрлигинин тастыктамасы негиз болгонун айтса, журналист Алмаз Темирбек маселени саясий өңүтү бар экенин айтып жатат:

“Чындыкты айткан, парламентке келсе бийликти укпаган талапкерди шайлоого жеткирбей чаап түшүү аракети болуп жатат деп түшүнүп жатам. Анын үстүнө Момбеков үгүт башталгандан бери бийликтин кемчилигин айткан жалгыз талапкер болчу. Башкаларга сабак болсун деген эле ишарат. Дипломду жарактуу же жараксыз деп бүтүм чыгаргыдай БШК сот эмес да. Дипломдун статусун бир гана сот чечиш керек болчу. Андыктан бийликтен буйрук болгону көрүнүп турат. Эгер диплом маселесине токтоло турган болсок, анда шайлоого бараткан талапкерлердин көбүнөн ушул маселе чыгат. Ошол эле Таалайбек Сарыбашев, Кыянбек Сатыбалдиевдин дипломдору күмөн санатат. Дипломду алган Момбековду эмес, аны берген Кыргыз улуттук университетин жазалаш керек да”.

Рыскелди Момбеков 28-ноябрдагы шайлоодо багын сынай турган Социал-демократтардын ишенген талапкерлеринин бири. Бул партияга эки жылдан бери абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулган. Момбеков үгүт учурунда азыркы бийликти кескин сындап жүрөт. Ал Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө, президенттик башкаруу системасына ачык каршы чыккан саналуу депуттардын бири.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов чечим кабыл алууга бийликтин басымы эмес, тиешелүү органдын маалыматы себеп болгонун маалымдады:

Кайрат Маматов
Кайрат Маматов

“Негизи мен деле соттун чечимин күтсөк болмок деп ойлогом. Бирок Билим берүү жана илим министрлигинин каты негиз болуп жатпайбы. БШКнын мүчөлөрүнө эч ким басым жасап, “Момбековду алгыла” деген жок. Шайлоо башталгандан бери биздин ишке эч ким кийлигишкен жок. Расмий келген документтердин негизинде эле чечим кабыл алып атабыз”.

53 жаштагы Рыскелди Момбеков 2010-жылы бийликке келген убактылуу өкмөттө маданият министринин милдетин аткаруучу, 2011-2012-жылдары президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп, 2012-жылдан 2014-жылга чейин "Учкун" басмаканасын башкарган.

2015-жылы ошол кездеги президент Атамбаевге таандык Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Былтыркы талаштуу парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясынын тизмесинде турган. Эл өкүлү парламентте өз позициясын ачык айтып, куйкум сөз аралаштырып сүйлөгөнү менен коомчулукка таанымал.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG