"Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу жыйынтыкталды. Учурда келип түшкөн сунуш-пикирлер каралып жатат. Бул тууралуу Улуттук тил комиссиясынан билдиришти.
Аталган мыйзам долбоору 22-октябрдан 22-ноябрга чейин коомдук талкууда турган.
Документ мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү максатында жазылган.
Президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияны тилчи-окумуштуу Сыртбай Мусаев жетектейт.
22-ноябрда тил комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп Санжарбек Тажиматов дайындалды.
Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 32 жыл толду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин мамлекеттик макам берилген.
Дагы караңыз
Диплом чатагы: БШКнын чечими, Момбековдун жообу "Зомбулукту токтот, коркпо, жаша!": аялдар кордолгон коом ыдырайтОкумуштуу археологиялык изилдөөлөрдү каржылоого мамлекетти чакырдыТеледебат: Оппозиция, диний салык жана Кумтөр