"Кумтөр иши" боюнча камалган саясатчылардын тарапташтары Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына чогулушту. Алар саясатчыларды абактан бошотууну жана соттон акыйкат чечим чыгарууну талап кылып жатат.
Бүгүн, 25-ноябрда сот "Кумтөр ишине" байланыштуу кармалган саясатчылар Асылбек Жээнбеков, Тайырбек Сарпашев, Данияр Нарымбаев жана Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын карап жатат.
Аталган саясатчылар Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу кармалышкан.
"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак берген. Айрымдары камалып, тергөө менен кызматташканы үчүн ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккандар да бар.
Жакында ушул иш боюнча кармалган мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев менен Жоомарт Оторбаевдин бөгөт чарасы сот тарабынан өзгөртүлүп, үй камагына чыгышты.
УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.
Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпты четке кагып келет.
Дагы караңыз
Коронавирустан эки бейтап каза болуп, 70 учур жаңы катталдыКыргызстандык акын Рахим Каримге "Күмүш калкан" эл аралык сыйлыгы ыйгарылды БШК Момбековду шайлоодон четтеттиКазакстандык акын, диссидент Арон Атабек дүйнө салдыГросси: Ирандагы сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктады