Канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кумтөр кени Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу кыскарып кеткенин билдирип чыкты. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөп жатат.
Бирок ошентсе да алар 4-5 айда канча алтын өндүрүлгөнүн коомчулукка жарыялай элек. Мурдараак президент жана атайын кызматтын төрагасы гана ал жөнүндө учкай айткандай болгон.
"Центерранын" айыптоосу, кыргыз бийлигинин жообу
"Центерра Голддун" жаңы билдирүүсү “Азаттыктын” электрондук почтасына келди. Анда башка жалпыга маалымдоо каражаттарына да таратылган тексттин үлгүсү келтирилет.
Билдирүүдө Кумтөр кени Кыргызстандын бийлиги тараптан мыйзамсыз тартылып алынганы дагы бир жолу белгиленип, андан бери алтын казуу боюнча маалыматтар жашырылып жатканы баяндалат.
Компания кенде июнь айынан сентябрь айына чейин өндүрүш бекитилген пландан алтын түрүндө 24%, акчалай түрүндө алганда 6 млрд. сомдой азайып кеткенин белгилейт.
"Центерра" койгон планда 173 миң унций алтын казуу мерчемделсе, бул аралыкта 132 миң унций гана алтын алынганы көрсөтүлөт. Бирок "Центерра Голд" бул сандарды кайдан алганын, кайсы эсептерге таянып чыгарганын тактаган эмес.
"Centerra кенди көзөмөлдөп турган учурда Kumtor Gold Company (КГК) ишмердүүлүгү жөнүндө өз убактысында, так жана кенен маалыматты, анын ичинде канча алтын өндүрүлгөнү жана канчасы сатылганы тууралуу чыгарып турчу. Парламент мүчөлөрү тараптан ачык-айкындуулук боюнча чакырыктар болгонуна карабай, тышкы башкаруу өндүрүштүк сандарды жана казуу боюнча башка көрсөткүчтөрдү жарыялоодон баш тартууда. Ошондуктан биз сурап жатабыз: “Кумтөр” алтын кенинен казылган алтындар кайда? “Кумтөр Голд” өкмөт кенди конфискация кылгандан берки операциялык жыйынтыктар жөнүндө эмне үчүн эч нерсе жарыялабай жатат? Алтын өндүрүштүн азайып кеткен көлөмүн өкмөт эмне менен толтурганы жатат? Алтынды ким сатып алууда жана түшкөн акча кайда?" - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Мекеме мындан сырткары тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк канча суммада маяна алып жатканына кызыгып, Кыргызстандын бийлигин “кендин абалына көз карандысыз баалоо жүргүзүүгө уруксат бербей жатат” маанисинде айыптайт. Алар чет элдик жана кыргыз журналисттерине кенге барып, суроолорго жооп алуусуна шарт түзүүгө чакырат.
Күн мурун таратылган билдирүүнү The Diplomat, Mining.сom баштаган бир катар эл аралык басылмалар, 24.kg, Kloop.kg баштаган жергиликтүү басылмалар да жазып чыкты.
“Кумтөр Голд” компаниясынын азыркы жетекчилиги бул боюнча айыптоолорго кыскача жооп берди. Компаниянын басма сөз өкүлү Марианна Шермур “Азаттыкка” берген комментарийинде мындайча түшүндүрдү:
“Мындай билдирүү “Кумтөр” компаниясынын менеджментинин таң калуусун гана жаратат. Канадалыктар үстүбүздөн кайрылуу үчүн эч нерсе таба албай калышканы көрүнүп турат жана пластинканы кайра-кайра кайталоого өтүп алышты. Биринчиден, “Центерранын” билдирүүсүндө эч кандай булак көрсөтүлгөн эмес, шилтемелер жок жана компетенттүү эксперттердин комментарийлери келтирилген эмес. Мына ушундан эле бул жоромол ойлоп табылган жана ушак-айың маанайындагы экени байкалып турат. Эгер ачык атабасак, анда бул карандай калп!”
Шермур "Кумтөр Голд" "Кыргызстанды жылдап тоноп келген жана өтө чоң экологиялык зыян келтирген компаниянын чоңдоруна жооп берүүгө милдеттүү эмес экенин" айтып, канадалыктар Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы пайдалануу үчүн жабык маалыматты алып алгысы келип жатканын кошумчалады.
“Кумтөр Голд” ишканасынын азыркы жетекчилиги алардын ишин Кыргызстандын тиешелүү органдары текшерип турарын, алтын өндүрүү пландалгандай эле ишке ашып жатканын маалымдайт. Бирок ага карабай кен кыргыз бийлигинин колуна өткөндөн бери анда канча алтын өндүрүлгөнүн, ал кайда иштетилип жатканын тактоодон карманууда. Ишкана кийинчерек кенен отчёт болоорун билдирет.
"Центерра" мурдараак тараткан билдирүүсүндө, Кумтөрдөгү борбордук карьерде топтолгон суунун деңгээли кендин өзүнө жана анда иштеген жумушчуларга “катастрофалык кесепет алып келиши ыктымал” деген кооптонуусун жарыялаган. Кендин азыркы жетекчилиги муну да төгүндөгөн.
Кырдаалдан кыргызстандыктар да кабарсыз
Октябрдын башында президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазган постунда Кумтөр темасын да комментарийлеп, ал боюнча чечим кабыл алынгандан кийин жарыяланарын тактагандай болгон. Ал “Кумтөр Голд” ишканасын Кыргызстан өзү иштетип баштаган май айынан бери кенден өндүрүлгөн бир да грамм алтын чет жакка чыгарыла электигин айткан.
22-сентябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде, азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голдду” кыргыз тарап башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн айтып берген. Ал мындан өлкө 62 млн. доллардай киреше алганын тактаган. Бирок 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 90 млн. доллар тапканын айткан.
Ага карабай кыргыз бийлигине өткөн Кумтөр кениндеги өндүрүш, алтындын же андан түшкөн акчанын көлөмү тууралуу кыргыз коомчулугунун өзүндө да суроо көп. Бул жөнүндө өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин жыйындарында да бир нече жолу маселе көтөрүшкөн.
Теманы мурда да козгогон эл өкүлү Наталья Никитенко ушул аптадагы жыйында да маалымат берүүнү талап кылып, маселени парламенттин кезексиз отурумунда кароо сунушун кайталады:
“Кумтөр боюнча буга чейин суроолорду бергем, жооп жок. Азыр мен бийликтегилер кендеги иштин абалы тууралуу маалыматты атайылап жашырып жатканына ишенип калдым. Бүгүн тышкы менеджер иштеп турганда алтын өндүрүү 25%га кыскарганы белгилүү болду. Бул 6 миллиард сомдон ашык каражат. Тышкы башкаруу кымбатка түшүп жаткан жокпу? Буга өндүрүштүн өздүк наркы 900 доллардан 1400 долларга чейин көтөрүлгөнүн да кошуп, карайлы. Мындай темп менен жакында Кумтөр менен Бөлтүрүктү мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылап калат окшойбуз. Балким, кесипкөйлөрдү таап, нормалдуу иштетүүгө өтөрбүз”,-деген ал.
Никитенко “Фейсбукта” жазган постунда бул пикирин андан ары улап, Кумтөр кени боюнча эми First Canadian Wealth аттуу башка бир канадалык компания менен келишим түзүлгөнү жатканын да маалымдаган.
Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.
Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.
“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда.
Кыргыз тарап экология боюнча дагы да жаңы санкциялар салынышы мүмкүндүгүн эскертип, Кумтөр кениндеги башаламан көмүлгөн таштандылар боюнча канадалык “Центерра Голддун” үстүнөн сотко кайрылууга даярданып жатканын кабарлаган. Ал тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова “Азаттыкка” курган маегинде билдирген.
“1995-жылдан 2015-жылга чейин таштандылардын баарын ар кайсы жерге көмө беришиптир. Анын арасында техникаларды, тагыраагы 25 автоунааны, көөмп салышыптыр. Азыр ошонун жарым-жартысын таптык. Калганын дагы издеп жатышат. Бул мыйзамга таптакыр туура келбейт. Ошону үчүн айыппул санкциясын коюшубуз керек, эсептелип бүткөндөн кийин калган процесс кетет”,-деди Кутманова.
Албетте, соттошуудан сырткары тараптар сүйлөшүп жатканы да белгилүү. Швейцариянын Женева шаарында 29-30-сентябрда өткөн сүйлөшүүгө Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясы менен "Центерра Голд" компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри баштаган топ сүйлөшкөн.
Акылбек Жапаров кийин “Азаттыкка” билдиргендей, эгер Кыргызстан "Центерра Голддогу" 26% акциясынан кечсе, канадалык компания Кыргызстандан биротоло чыгып кетүүгө макул болгон. Бирок кыргыз тарап аларга “доо мындан көп болорун” билдирген. Сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтык бере элек.