Европа Биримдиги - Борбор Азия жолугушуусунда Ооганстандагы кырдаал талкууланды

Дүйшөмбү шаарындагы жыйын

Европа Биримдигинин жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 17-жолугушуусунда Ооганстандагы кырдаалга көңүл бурулду.

Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарында 22-ноябрда өткөн жыйында Ооганстандагы окуялардын чөлкөмдөгү ыктымалдуу кесепети да талкууланды. Катышуучулар ооган жергесинде кыз-келиндердин, этникалык топтордун, балдардын, жалпы адам укуктарын, эркиндиктерин сактоого чакырышты.

Жолугушууга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын тышкы иштер министрлери, Еврокомиссиясынын тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррел, эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссар Ютта Юрпилайнен катышты.

Ооганстанда быйыл августта бийликти талиптер ээлеп алгандан бери гуманитардык кризис башталган.

Азырынча дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Октябрь айында Евробиримдик Ооганстандагы гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн 1 миллиард еврого тете каражат бөлө турганын билдирген. Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттерден Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан "Талибан" менен мамиле куруу зарыл деген турумда гумжардам жеткирген. Тажикстан талибдер түзгөн өкмөттү тааныбай турганын айтып келет.

"Талибан" кыймылы Кыргызстанда 2006-жылы сот тарабынан экстримисттик уюм деп таанылган.

Дагы караңыз

Жапаров менен Мишустин Кыргызстанга мектеп куруу маселесин сүйлөшүштү"Ак-Ордо-3" конушунун жашоочуларына кызыл китеп берилетШайлоо туш келген экономикалык кырдаалАбактагы мыйзамсыздык тууралуу айткан кызматкер иштен алындыБишкек мэри жолго деген акчанын 360 млн. сому уурдалганын билдирди