Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын мэри кылып Максат Кадыркуловду дайындады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.
Максат Кадыркулов буга чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жаңы мыйзамга ылайык райондун администрация башчыларын жана облустук деңгээлдеги шаар мэрлерин президент дайындайт.
Дагы караңыз
Министрлик музейдин апрель окуяларына арналган бөлүгү боюнча маалымат бердиСадыр Жапаров Кара-Кечеде көмүр казуу маселеси чечилгенин айттыОрусияда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтары жоопко тартылдыЭки күндө тарых музейине 8 миңдей киши кирди