Оңдоп-түзөөдөн кийин кайра ачылган Улуттук тарых музейи эки күндө 8 миңдей кишини кабыл алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Эки күн бою музейге кирүү үчүн барган адамдардын узун кезеги түзүлдү. Музейдин кызматкерлери кезек күткөндөр ар бир 15-20 мүнөттө киргизилип жатканын айтышты.
Бишкекте беш жыл бою жабык турган музей 19-ноябрда салтанаттуу ачылган. Жарандарды 20-ноябрдан кабыл ала баштаган. Алгачкы он күндө кирүү акысыз экени расмий кабарланган.
Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп-нускалары коюлган. Немис адистери аларды заманбап технологияда жасалгалап, экспонаттар мультимедиалык жабдууларга туташкан.
2016-жылы оңдоо үчүн жабылган музей коррупциялык талаштуу жагдайларга жана сот иштерине байланыштуу ушул күнгө чейин ачылбай турган.
Мекеме 1926-жылы Кыргызстандын Борбордук музейи катары М.В. Фрунзенин ата-энесинин мурдагы үйүндө негизделген. Уюштуруучусу жана алгачкы директору - этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.
Анын негизинде 1936-жылы өз алдынча Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи түзүлгөн. 1943-жылдан кийин музейдин базасында Улуттук маданият музейи менен Табият музейи (азыркы Зоология музейи) түзүлгөн.
1954-жылдан "Кыргыз ССР мамлекеттик тарых музейи" деп аталган. 1973-жылдын 28-декабрында музейде жаңы жана туруктуу экспозиция ачылган. 3500 чарчы метр аянтты ээлеген 45 залга Кыргыз Республикасынын байыркы палеолит доорунан баштап эгемендик доорго чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин 10 миң түп нускасы коюлган. Бул экспозиция илимий мазмуну жана көркөмдөлүшү боюнча Борбор Азия аймагындагы музейлердин эң мыктысы деп табылган.