Борбордук шайлоо комиссиясы беш кишини Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тизмесинен өздөрү жазган арыздын негизинде чыгарды. БШК буга байланыштуу маселени бүгүн, 21-ноябрда карады. Ага ылайык, талапкерлер Элмира Урмамбетова "Жашылдар", Абдыкадыр Султанбаев "Мекенчил эл", Гүлнара Султанбаева "Аруузат", Бакытбек Байбек уулу "Багыт", Чынара Мамажакыпова "Ыйман Нуру" партиясынын тизмесинен чыгарылды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот. Парламенттеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланып келет.
Шайлоодо 21 партия ат салышууда, ал эми бир мандаттуу округдардан катталган айрым талапкерлер баш тартып, учурда 290дон ашыгы калды.
Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.
Дагы караңыз
Украина Орусиянын ыктымал кол салуусу тууралуу маалымат таратты COVID-19: Орусияда вирустан өлгөндөр рекорддук көрсөткүчкө жеттиКыргызстан альтернативдүү энергетика үчүн инвестор издеп жатат"Центерра" Кумтөр кенине байланыштуу билдирүү тараттыАктивисттер жол кырсыгында каза болгондорду эскерип жатышат