Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:34

Активисттер жол кырсыгында каза болгондорду эскерип жатышат


Жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерген жүрүштүн катышуучулары.
Жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерген жүрүштүн катышуучулары.

Кыргызстанда 21-ноябрда жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата акция өтүп жатат.

Бул жолу иш-чара "Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз өткөөлү" деген өнөктүктүн алдында өтүүдө. Өзгөчө балдардын коопсуздугуна көңүл бурулуп жатканын акцияга катышкандардын бири, ыктыярчы Дилбар Сыдыкова билдирди.

"Биз айдоочуларды жолго көңүл бурууга, жөө жүргүнчү өтө турган өткөөлдөргө, жол чырактарга көңүл бурууга, ылдамдыкты көтөрбөөгө чакырат элек. Бул чоң шаарларга эле эмес, чакан шаар, айылдарда жүргөн айдоочуларга дагы тийиштүү. Азыр машина аябай көп. Тилекке каршы, баланын өлүмүнө себеп болгон жол кырсыктары катталып жатат. Албетте, бул ата-энелерге дагы тийиштүү. Алар балдарына жолдон кантип өтүш керектигин үйрөтүш керек. Кээде чоңдор өздөрү туура эмес жерден өтүшөт. Балдар чоңдордон көргөнүн жасайт", - деди Сыдыкова.

Уюштуруучулардын белгилешинче, Кыргызстанда жол кырсыгынан күнүнө үч киши каза болот. Алардын арасында балдар да бар. 2021-жылы 80 бала жолдогу кырсыктарда каза болгон. 1500дөйү ар кандай жараат алган. Жалпысынан жыл башынан бери 6 миңден ашуун жол кырсыгы орун алса, андан 8 миңдей адам жабыркаган.

Бишкекте тынчтык жүрүшүнүн катышуучулары Улуттук филармониядан өкмөт үйүнө чейин жөө басып, жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү тууралуу шаардыктарга маалымат таратышты. Акциянын жүрүшүндө жол кырсыктарынан каза тапкандардын сөлөкөтү менен арт-инсталляция көрсөтүлөт. Уюштуруучулар бул жолдогу кырсыктардын масштабын элге жеткирүү аракети экенин билдиришти.

Иш-чара "Пролекс", "Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фонддору жана Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулду. Ага Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактык бюросу колдоо көрсөттү.

Ушундай эле эскерүү иш-чаралар башка облустарда дагы өтүп жатат.


Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы боюнча, ноябрь айынын үчүнчү жекшембиси жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү деп белгиленген.

Кыргызстанда соңку жылдарда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталууда.

16-ноябрда эле Кара-Суу районунда ири жол кырсыгынан сегиз адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алган. Бир ай мурун Таластагы автокырсыкта тогуз киши набыт болгон.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл тогуз айда 5437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны сегиз миңден ашык. (КЕ)

XS
SM
MD
LG