Австрия менен Германияда коронавирус жугузгандар кескин көбөйдү

Венадагы каршылык акциясы, 20-ноябрь, 2021-жыл

Венада 20-ноябрда миңдеген кишилер Австриянын коронавируска каршы чараларына нааразылык билдиришти.

Вена полициясынын маалыматы боюнча, 35 миңдей киши COVID-19 эпидемиясынын көбөйүп жатышына байланыштуу толук локдаундан баш тартууну талап кылышты. Каршылык акциясынан улам шаардагы жол кыймылы токтоп калды. Олуттуу тиртип бузуулар катталбаганы менен полиция он кишини кармады.

Австрия өкмөтү 22-ноябрдан тартып жалпы улуттук локдаун киргизет. Чектөө чаралары өлкөнүн бардык жашоочуларына, вакцина алгандарга жана короновирус менен ооруп айыккандарга дагы тийиштүү экенин өлкөнүн федералдык канцлери Александер Шалленберг 19-ноябрда билдирген.

Ага ылайык, себеби жок үйүнөн сырткы чыгууга тыюу салынат жана бардык маданий, көңүл ачуу иш-чаралары токтотулат. Канцлер локдаун тууралуу чечим кабыл алуу "абдан оор" болгонун, чектөөлөр 20 күндөн ашыгыраак убакытка созуларын, 13-декабрдан кийин 2G тартиби күчүнө кирип, ооруп айыккандар жана вакцина алгандарга чектөө алынарын айтты.

Өкмөттүн жаңы буйругуна ылайык, жашоочулар 2022-жылдын 1-февралынан милдеттүү түрдө вакцина ала баштайт.

Ушул күндөрү Германияда дагы кырдаал жакшы эмес. 20-ноябрга карата өлкөдө вирустун жайылуу көрсөткүчү 100 миң кишиге 362 учур туура келүүдө. Акыркы күндөрдө күн сайын вирус аныкталгандар 50 миңден ашып жатат. Бул эпидемия башталгандан берки эң чоң көрсөткүч.

Европа азыр коронавирус пандемиясынын чок ортосунда турат. Аймактагы бир нече мамлекет кайрадан чектөөлөргө кайтты.

Дагы караңыз

БШК окуучуларды үгүт иштерине тарткан талапкерлер боюнча чечим чыгардыСOVID-19: Вакцина албаган дагы үч бейтап кайтыш болду Жоомарт Оторбаев Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен абактан бошотулдуӨзбекстанда 26 миңден ашуун эмделбеген жаран кызматынан алынды