Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:08

БШК окуучуларды үгүт иштерине тарткан талапкерлер боюнча чечим чыгарды


БШКнын имараты.
БШКнын имараты.

Борбордук шайлоо комиссия (БШК) жашы жете электерди үгүт иштерине тарткан партияларды жана талапкерлерди жоопкерчиликке тартуу чечимин чыгарды.

БШКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, Таш-Көмүр шаарынын маданият үйүндө үгүт иш-чарасына окуучуларды катыштырганы үчүн "Азаттык" партиясынан талапкер Абдухалим Раимжановго Бузуулар жөнүндө кодекстин 44-беренеси боюнча 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ал эми партияга эсертүү берилди.

Мындан сырткары №28 Октябрь бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Дастан Бекешевдин үгүт ишмердигине жашы жете электер тартылганы тергөөдө аныкталган. Бирок алар талапкердин үгүтчүсү катары расмий түрдө катталган эмес. БШК шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шартын бузгандыгы үчүн талапкердин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө 7500 сом айып пул салуу маселесин карап чыкмай болду.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясына карата эки жерде үгүт иштерине окуучуларды катыштырганы тууралуу кайрылуу түшүп, мыйзам бузууга жол берген тараптар айыпка тартылган жана партиянын өзүнө оозеки эскертүү берилген.

БШК талапкерлерге жана саясий партияларга конституциялык мыйзам чендерин так аткаруу жана үгүт ишмердигине жашы жете электерди катыштырууга жол бербөө талабы менен кайрылды. Шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, 18 жашка чыга электерге үгүт иштерин жүргүзүүгө, материалдарды чыгарууга жана таратууга тыюу салынат.


Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот. Парламенттеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланып келет.

Шайлоодо 21 партия ат салышууда, ал эми бир мандаттуу округдардан катталган айрым талапкерлер баш тартып, учурда 290дон ашыгы жакыны калды.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

XS
SM
MD
LG